Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстан кёрлинг боюнча Азия оюндарына катышат

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстандын Кёрлинг федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов
Кыргызстандын Кёрлинг федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2024
Жазылуу
Кыргызстандын Кёрлинг федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов кёрлинг боюнча курама команда 2026-жылы Италияда өтө турган кышкы Олимпиадага катышуу аракетин көрүп жатканын айтты.
Кыргызстан кёрлинг боюнча Азия оюндарына катышып, күчүн сынайт. Быйыл эл аралык мелдештерге көбүрөөк барып, команданын деңгээлин көтөрүү керектигин Тынчтыкбек Саматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстан кёрлинг боюнча Азия оюндарына катышат
Анын айтымында, эл аралык ири турнирлерге чакыруулар көп болгону менен каржы көйгөйүнө байланыштуу команда катыша албай калууда.

"Быйыл Кыргызстанда кёрлинг боюнча бир топ маанилүү мелдештер болот. Март айынын ортосунда өлкө чемпионатын өткөрүп, кураманы бекитип алалы деп турабыз. Май айында Кыргызстандын кубогу жана августта өспүрүмдөр арасында фестиваль уюштурулат. Кыргызстан быйыл кёрлинг боюнча Азия оюндарына катышып, күчүн сынайт. Быйыл эл аралык мелдештерге көбүрөөк барып, команданын деңгээлин көтөрүү керек. Бул турнирде финалга чыгып, биринчи же экинчи орунду алган команда Олимпиадага катышууга жолдомо алат. Биздин учурдагы негизги максатыбыз 2026-жылы Италияда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына катышуу. Эл аралык ири турнирлерге чакыруулар көп болгону менен каржы көйгөйүнө байланыштуу команда катыша албай калууда", — деди Саматов.

Ошондой эле адис Кёрлинг федерациясы Дене тарбия жана спорт департаменти, Улуттук Олимпиада комитетине мүчө болуп, тыгыз иштешип жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0