Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жыл башында дагы 13 балага заманбап кол протездери акысыз жасалып берилди

© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Солтонбекова
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Солтонбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2024
Жазылуу
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Солтонбекова кол протездери баланын кыймылын жеңилдетерин айтты.
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси Россиянын "Моторика" компаниясы менен биргеликте кыргызстандык 13 балага заманбап кол протездерин бекер тапшырды. Бул тууралуу Ализа Солтонбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жыл башында дагы 13 балага заманбап кол протездери акысыз жасалып берилди
Анын айтымында, "Киби" протезин кийген баланы аны өзүнүн дене мүчөсү катары кабыл алууга көндүрсө болот.

"Бул протездерди Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин техник-протезчилери Сколковонун резиденти болгон "Моторика" компаниясынын компоненттеринен жасашты. Ал электроникасыз иштеп, суудан зыян тартпайт. Россиялык ишкана менен кызматташунун жыйынтыгында жалпысынан 26 бала акысыз протез алды. Бул үчүн бюджеттен 1,5 миллион сом бөлүнгөн. Ошондой эле "Элим, барсыңбы" кайрымдуулук фондунан 400 миң сомдон ашык каражат чогулган. Балдар функционалдык протездерди кичине кезинен баштап колдоно башташы керек. Кол протездери баланын кыймылын жеңилдетет, ден соолугунда жаралчу көйгөйлөрдү алдын алып, күнүмдүк тиричилик жеңилдейт. Биздин ишкана учурда 13 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, анын ичинде 5,9 миңге жакын баланы тейлейт. Мекеме майыптар үчүн 150дөн ашык продукция чыгарат", — деди Солтонбекова.

Ал мекеме келечекте "Моторика" компаниясы менен биргеликте чоӊдорду да протездер менен камсыздоону пландап жатканын кошумчалады.
"Киби" — булчуңдардын тартылуусунун эсебинен иштейт. Колдонуучунун күчү керектелет. Бул протезге кошумча тиркемелерди: смартфон кармагычтарды, кол чырактын модулун жана башкаларды орнотсо болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0