Трамп: Байден өзүнүн тирүү экенин билбеши мүмкүн

© AP Photo / John LocherМурдагы АКШ президенти Дональд Трамп. Архив
Мурдагы АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден дагы деле тирүү басып жүргөнүн аңдабашы мүмкүн. Мындай пикирин мурдагы өлкө башчы Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды.

"Аны кылмыш жоопкерчилигине тартышпаса өздөрүнүн иши, андай болсо мени дагы күнөөлөгөндү токтотуу керек. Муну Байдендин оппоненти катары эсептелген мага карата куугунтук катары түшүнсө болот. Буга Байдендин тиешеси барбы-жокпу, билбейм, анткени ал тирүү экенин деле билбесе керек. Мында анын тегерегиндеги каардуу жана өтө акылдуу адамдар роль ойноп жатат" - деген ал.

Трамп Байдендин жашыруун документтерди туура эмес сактаганын иликтеген атайын прокурордун чечими тууралуу дагы айткан. Экс-президент алар жашыруун материалдарды көп жылдар бою каалгасы кадимкидей эле болгон гараждын ичиндеги картон кутуларда сактаганын, анын убагында кагаздарды бекемирээк каттырганын айткан.
Буга чейин атайын прокурор Роберт Хер Байдендин жашыруун документтерди начар сакташы боюнча иликтөөсүн аяктаган. Ал өз баяндамасында АКШ президентине каршы кылмыш ишин козгоонун кажети жок экенин, анткени сотто ал "эс тутуму начар адам" катары чыгышы мүмкүн экенин белгилеген. Агенттик жазгандай, Байдендин жүрүм-турумунан акылынан кетип бараткандай аракеттер байкалып келет.
НАТО желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2024
ЖМК: Трамп шайлоодо жеңсе НАТО АКШсыз каларын талкуулап жатышат
Жаңылыктар түрмөгү
0