Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ сенатору Киевге жардам берүү мыйзам долбоорун элди кемсинтүү деп атады

© AP Photo / Mariam ZuhaibЗдание Капитолия в Вашингтоне
Здание Капитолия в Вашингтоне  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2024
Жазылуу
Саясатчы украин чек арасына 300 миллион доллар бөлүнүп жатканын, ал арада өлкө мыйзамсыз мигранттардын агымы байкалган өзүнүн түштүк чек арасындагы абалга кайдыгер мамиле жасалып жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Республикачы сенатор Рэнд Пол "коррупцияга белчесинен баткан режим" катары таанымал Украинага 60 миллиард доллар өлчөмүндө жардам бөлүү мыйзам долбоору америкалыктарды "басынтуу" экенин айтып чыкты. Бул туурауу РИА Новости жазды.
Саясатчы документте Украинанын чек араларын коргоого 300 доллар бөлүү каралып, ошол эле учурда мыйзамсыз мигранттардын агымы байкалган АКШнын түштүк чек арасы көңүл сыртында калып жатканына нааразы.
"Бул мыйзам долбоору — жөн гана катачылык эмес, бул ар бир америкалыкты кемсинтүү. Өзгөчө өзүбүздүн чек арабыз коргоосуз калып, ал эми бийлик фейк реформаларын сунуштагандан башка эч нерсе жасабай жаткан шартта басынтуу катары гана кабыл алынат", — деди жазган Пол соцтармактагы баракчасына.
Эскерте кетсек, алгач Украинага жардамды жандантууга жана Израиль менен Тайванга көрсөтүлө турган колдоого бөлүнчү каражат АКШнын түштүк чек арасындагы абалды жөнгө салуу чараларын финансылоо пакети менен чогуу болчу. Бирок Сенаттагы демократиялык көпчүлүк республикачылар менен чек ара жана миграция тармагын реформалоо боюнча бир пикирге келе албагандан кийин эки маселени эки башка кароону чечкен.
"Бюджеттик мыйзам долбоору буга чейин бөлүнгөн 113 миллиард доллардын үстүнө кошуп 60 миллиард берүүнү камтыйт. Акча коррупцияга белчесинен батканы менен таанымал режимге кеткени жатат. Силердин таман акы, маңдай териңер менен табылган акча — 300 миллион доллар Украинанын чек арасын коргоого багытталмакчы", — деди сенатор.
Мыйзам долбоорун талкуулоону токтотуу боюнча жекшембиде добуш берилиши мүмкүн. Жалпы добушка коюу да ушул күнү ишке ашышы ыктымал. Пол кесиптеши Майк Линин сөзүнө таянып, демократтар документти өз алдынча өткөрө албай турганын, 100 добуштан 41и аны бөгөттөп коюуга жетиштүү экенин айткан.
Вашингтондогу капитолийдин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2024
Израилге берилчү жардамды Конгресстин төмөнкү палатасы колдогон жок. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0