Көп таланттын жылдызы жанган. "Мен — Тянь-Шань" тасмасындагы ирмемдер

Жазылуу
Мындан 51 жыл мурун "Мен — Тянь-Шань" тасмасы көрүүчүлөргө сунушталган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган кинокартинанын архивдик сүрөттөрүн таап чыкты.
Белгилүү советтик кинорежиссер Ирина Поплавская 1970-жылдардын башында республикага келип, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде "Мен — Тянь-Шань" тасмасын тартууга киришкен. Анын оператору Кадыржан Кыдыралиев менен Валерий Шувалов болуп, тартуу иштерин негизинен москвалык адистер жүргүзгөн.
Кинофильмдин көпчүлүк бөлүгү Кара-Көл, Балыкчы шаарларында, Москвадагы павильондо, Долон, Төө-Ашууда тартылган.
Айдоочу жигиттин сүйүүсүн баяндаган кинокартинага Сүймөнкул Чокморов, Дүйшөн Байдөбөтов, Динара Чочунбаева, Анара Мамбетова, Акылбек Абдыкалыков, Тургун Бердалиев, Жумаш Сыдыкбекова, Бакирдин Алиев, Марат Алышпаев, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Назирет Дубашев, Асанкул Куттубаев, Болот Шалтаев, Володя Ким катышкан. Кыргыз жеринде тартылган кинофильм 1973-жылы кинотеатрларда коюла баштаган.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Башкы ролду аткарган жаш Дүйшөн Байдөбөтов (Ильяз) менен Динара Чочунбаева (Асел)

Башкы ролду аткарган жаш Дүйшөн Байдөбөтов (Ильяз) менен Динара Чочунбаева (Асел) - Sputnik Кыргызстан
1/10

Башкы ролду аткарган жаш Дүйшөн Байдөбөтов (Ильяз) менен Динара Чочунбаева (Асел)

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

"Мен — Тянь-Шань" тасмасынын режиссеру москвалык Ирина Поплавская

"Мен — Тянь-Шань" тасмасынын режиссеру москвалык Ирина Поплавская - Sputnik Кыргызстан
2/10

"Мен — Тянь-Шань" тасмасынын режиссеру москвалык Ирина Поплавская

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Автобазада айдоочу болуп иштеген достор: Тургун Бердалиев менен Дүйшөн Байдөбөтов иш маалында

Автобазада айдоочу болуп иштеген достор: Тургун Бердалиев менен Дүйшөн Байдөбөтов иш маалында - Sputnik Кыргызстан
3/10

Автобазада айдоочу болуп иштеген достор: Тургун Бердалиев менен Дүйшөн Байдөбөтов иш маалында

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кинофильмди негизинен "Мосфильмдин" кызматкери камерага түшүргөн

Кинофильмди негизинен "Мосфильмдин" кызматкери камерага түшүргөн - Sputnik Кыргызстан
4/10

Кинофильмди негизинен "Мосфильмдин" кызматкери камерага түшүргөн

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Киночулар 3000 талапкер кыздын ичинен Аселдин ролуна 13 жаштагы Динара Чочунбаеваны тандап алган

Киночулар 3000 талапкер кыздын ичинен Аселдин ролуна 13 жаштагы Динара Чочунбаеваны тандап алган - Sputnik Кыргызстан
5/10

Киночулар 3000 талапкер кыздын ичинен Аселдин ролуна 13 жаштагы Динара Чочунбаеваны тандап алган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Тасма тартуу учурундагы ирмем: Дүйшөн Байдөбөтов, Динара Чочунбаева, Сүймөнкул Чокморов

Тасма тартуу учурундагы ирмем: Дүйшөн Байдөбөтов, Динара Чочунбаева, Сүймөнкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
6/10

Тасма тартуу учурундагы ирмем: Дүйшөн Байдөбөтов, Динара Чочунбаева, Сүймөнкул Чокморов

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Ильяздын ролун аткарган Дүйшөн Байдөбөтов ошол маалда Москвадагы Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык өнөр институтунун 4-курсунун студенти эле. Сүрөттө ал Токтогул ГЭСине тетик жеткирген айдоочулар менен

Ильяздын ролун аткарган Дүйшөн Байдөбөтов ошол маалда Москвадагы Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык өнөр институтунун 4-курсунун студенти эле. Сүрөттө ал Токтогул ГЭСине тетик жеткирген айдоочулар менен - Sputnik Кыргызстан
7/10

Ильяздын ролун аткарган Дүйшөн Байдөбөтов ошол маалда Москвадагы Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык өнөр институтунун 4-курсунун студенти эле. Сүрөттө ал Токтогул ГЭСине тетик жеткирген айдоочулар менен

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кинокартинада СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов ашууда жашаган Байтемирдин ролун аткарган. Сүрөттө ал кичинекей Самат менен.

Кинокартинада СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов ашууда жашаган Байтемирдин ролун аткарган. Сүрөттө ал кичинекей Самат менен. - Sputnik Кыргызстан
8/10

Кинокартинада СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов ашууда жашаган Байтемирдин ролун аткарган. Сүрөттө ал кичинекей Самат менен.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

"Мен — Тянь-Шань" 1973-жылы көрүүчүлөргө сунушталган. Сүрөтө тасманын афишасы.

"Мен — Тянь-Шань" 1973-жылы көрүүчүлөргө сунушталган. Сүрөтө тасманын афишасы. - Sputnik Кыргызстан
9/10

"Мен — Тянь-Шань" 1973-жылы көрүүчүлөргө сунушталган. Сүрөтө тасманын афишасы.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

"Нарынгидроэнергострой" курулуш башкармалыгынын комсомол комитетинин катчысы Турсунбек Чыңгышев чыгармачыл топтун мүчөсү Сүймөнкул Чокморов менен жолугушууда. 1972-жыл

"Нарынгидроэнергострой" курулуш башкармалыгынын комсомол комитетинин катчысы Турсунбек Чыңгышев чыгармачыл топтун мүчөсү Сүймөнкул Чокморов менен жолугушууда. 1972-жыл - Sputnik Кыргызстан
10/10

"Нарынгидроэнергострой" курулуш башкармалыгынын комсомол комитетинин катчысы Турсунбек Чыңгышев чыгармачыл топтун мүчөсү Сүймөнкул Чокморов менен жолугушууда. 1972-жыл

Тема боюнча:
Кыргыз балетинин чолпон жылдызы эле. Чолпонбек Базарбаевдин сейрек сүрөттөрү
Киного 18 жашында аралашкан. Режиссер Төлөгөн Сыдыковдун сүрөттөрү
Эл эмгектен эскерет... Жумабек Ибраимовдун сүрөттө калган ирмемдери
75 жашка толмок. Айтылуу тасмаларды тарткан оператор Мурат Алиевдин сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0