Өлкөдө 66 мамлекеттик дарыкана ачылды. Саны дагы көбөйөт

© Фото / пресс-служба Минздрава КР Кыргызстанда 66 мамлекеттик дарыкана ачылганын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди
Кыргызстанда 66 мамлекеттик дарыкана ачылганын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Жазылуу
Жакын арада Ош шаары менен Сузак районунда үч дарыкана иштээри айтылды.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 66 мамлекеттик дарыкана ачылганын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
© Фото / пресс-служба Минздрава КР Открытие государственной аптеки "Эл Аман" в городской лечебно-профилактической поликлинике студентов
Открытие государственной аптеки Эл Аман в городской лечебно-профилактической поликлинике студентов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Кезектеги аптека студенттердин бейтапканасында ишке берилген. Министрдин айтымында, жыл соңуна чейин мындай дарыканалардын санын 100гө жеткирүү каралып жатат.

"Жакын арада Ош шаары менен Сузак районунда дагы үч дарыкана ачуу пландалууда. Мындай темп менен жыл аягына чейин санын 100гө жеткире алабыз. Ушу тапта бул дарыканаларда дарынын 1 500 түрү сатылып жатат. Баасы да арзаныраак. Бул өз кезегинде керектүү дары-дармектин жеткиликтүүлүгүн камсыздап, медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртат", — деди Бейшеналиев.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат
Жаңылыктар түрмөгү
0