Египет Израилдин Рафах шаарына кириши боюнча эскертүү берди

© AP Photo / Hassan AmmarЕгипеттин желеги. Архив
Египеттин желеги. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Жазылуу
Калаага жасалган чабуул Газанын аймагына кирип жаткан жардамдын жолун бууй турганын айтышкан.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Эгерде Израилдин Куралдуу күчтөрү Газадагы Рафах шаарына кирип бара турган болсо, анда Египет Кэмп-Дэвид макулдашууларын токтотот. Бул туурасында РИА Новости Associated Press агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

"Кэмп-Дэвид макулдашууларын токтотуп коюу боюнча кеп премьер-министр (Израилдин – ред.) Биньямин Нетаньяхунун Рафахка аскерлерди алып кирүү ХАМАСты жеңүү үчүн зарыл экенин жар салгандан кийин чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Агенттикке маалыматтарды берген киши израилдик аскерлердин Рафахка чабуулу ар тараптан камалоого алынган Газанын аймагына кирип жаткан жардамдын жолун бууй турганын түшүндүрүп берген. Учурда ал жерде миллионго чукул киши бар.
Кэмп-Дэвид макулдашуусу 1979-жылы АКШнын колдоосу менен Египет жана Израилдин ортосунда түзүлгөн. Эл аралык уюмдар кургактан кол салуу гуманитардык апаат жаратышы мүмкүндүгүн эскертүүдө. Сауд Арабия БУУнун Коопсуздук кеңешин жыйынга чогулууга чакырды. Ал арада Сирия ТИМинин башчысы өлкө Израилге каршы бир нече ирет согушканын жана жаңысына да даяр экенин билдирди.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Израилдин премьери Палестина менен тынчтыкка келүү үчүн үч шартты атады
Жаңылыктар түрмөгү
0