Садыр Жапаровдун АКШ мамкатчысы Блинкенге берген жообу. Негизги учурлар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Жазылуу
Блинкен буга чейин Жогорку Кеңеш карап жаткан "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна карата тынчсыздануусун билдирип, Садыр Жапаровго кат жолдогон.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасына Садыр Жапаровдун АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге даректелген жообунун текстин жарыялады.
Блинкен буга чейин Жогорку Кеңеш карап жаткан "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна карата тынчсыздануусун билдирип, Садыр Жапаровго кат жолдогон. 9-февралда ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев өлкө башчынын Блинкенге жооп берген катын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигериге тапшырган.
Жапаровдун Блинкенге жөнөткөн катында эмнелер жазылганын тезис менен сунуштайбыз:
Сиз "мурдатан эле региондо Кыргызстандын жарандык коому абдан күчтүү жана өлкөдөгү демократиянын маанилүү бөлүгү болуп келген" деп жазгансыз. Бул туура. Адилеттүүлүккө жана эркиндикке умтулуу биздин элдин канында бар;

Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө мыйзам долбоору

"Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга, Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун максаты – Кыргызстанда иштеген бейөкмөт же коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү;
Бүгүнкү күндө өлкөдө мындай он миңдеген уюм бар, алар Кыргызстанда мурда мамлекет тарабынан чечилбей, каралбай калып келген бир топ көйгөйлөрдү чечүүгө умтулуп, ийгиликтүү иштеп жатышат. Ошол эле учурда айрымдары чет мамлекеттерден, анын ичинде АКШдан жана Евробиримдик өлкөлөрүнөн гана эмес, башка өлкөлөрдөн да каржыланууда. Чет жактан каржыланган ЖМК жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик көзөмөл болушу керек деген көйгөй бар. Кеп ушул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарга акча кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсы максаттарга жумшап жаткандыгын көзөмөлгө алууга умтулуу жөнүндө жүрүп жатат;
Депутаттар демилге кылган жана биринчи окууда кабыл алган мыйзам долбооруна коммерциялык эмес уюмдун ишине байланышкан жоболор киргизилүүдө. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коммерциялык эмес уюмдардын реестрин жүргүзөт деген ченем каралууда. Бул мыйзам долбоору 1938-жылы АКШда кабыл алынган жана азыр да колдонулуп жаткан "Чет өлкөлүк агенттерди каттоо жөнүндө" мыйзамдын (Foreign Agents Registration Act, FARA) концепциясына жакын;
FARA мыйзамында чет өлкөлүк агенттин статусу ЖМК үчүн гана эмес, башка юридикалык жана жеке жактар үчүн да каралган. Каттоодон кечиксе же баш тартса административдик эле эмес, ал тургай кылмыш-жаза жоопкерчилигин да тартат деп турат. Эмнеге силер кылсаңар болот, биз кылсак болбойт?
Журналист ноутбук менен иштеп турган учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Гранттардан көз каранды "эркин" ЖМКлар. Булардын милдети эмне?
Жаңылыктар түрмөгү
0