Ситуация в Бишкеке во время массового отключения электричества - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек ТЭЦиндеги авария
2-февралга караган түнү борбор калаадагы ТЭЦте авария катталып, түнкү саат 03.00дө жарылуу болгон. Айрым бишкектиктердин үйүнө жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

ТЭЦтеги авариянын кесепетин жоюуга Кытайдын СУАРы 100 миң доллар берет

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Улукбек ШамбетовБишкектеги ТЭЦтин имараты
Бишкектеги ТЭЦтин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу району Бишкектеги ТЭЦте болгон авариянын кесепетин жоюуга жардам катары 100 миң доллар берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Ага ылайык, элчи Ду Дэвэнь ТИМ башчысынын орун басары Айбек Молдогазиев менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы достук, кызматташтык тууралуу сүйлөшкөн.
"Элчи Бишкектеги ТЭЦте болгон авариядан улам Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй кыргыз өкмөтүнө, жарадар болгондорго жана жабыр тарткандарга көңүл айтып, жардам катары 100 миң доллар гуманитардык жардам бергенин айткан", — деп жазылат маалыматта.
Өз кезегинде Молдогазиев көрсөткөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан СУАР менен бардык тармакта тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин белгилеген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2024
ТЭЦ жана тик учак кырсыгы. Акылбек Жапаров Түркиядагы бейтаптарды барып көрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0