Төрага Шакиев баштаган бир нече депутат Венгрияга барды

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүБудапешт шаарынын көрүнүшү. Архив сүрөт
Будапешт шаарынын көрүнүшү. Архив сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрияга расмий сапар менен барды. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, эки тараптуу мамилелерди арттырууга байланышкан маселелердин талкууланары күтүлүүдө", — деп айтылган маалыматта.

Спикер менен кошо Жогорку Кеңештин депутаттары: Нурбек Сыдыгалиев (вице-спикер), Винера Раимбачаева, Чолпон Султанбекова, Жусупбек Коргонбай уулу, Гүлшаркан Култаева, Максатбек Сарбагышев жана Азамат Исираилов да кеткен.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Россияга барды
Жаңылыктар түрмөгү
0