Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Такер Карлсон: Украина Россияны Батыштын миллиарддары менен да жеңе албайт

© AP Photo / Lynne SladkyАмерикалык журналист Такер Карлсон. Архив
Америкалык журналист Такер Карлсон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Жазылуу
Журналист Украина армиясы Россиянын аскерлерин Украинанын чыгышындагы аймактардан сүрүп чыгара албай турганын айткан.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Украина Россияны согуш талаасында Батыш өлкөлөрүнүн колдоосу менен да жеңе албайт. Бул тууралуу РИА Новости америкалык журналист Такер Карлсон америкалык сенатор Жеймс Дэвид Вэнс менен болгон маегинде айтканын жазды.
Карлсондун айтымында, Украина Россияга каршы согушту жеңе албайт.
"Украина армиясы Батыштын жүз миллиарддаган доллар бергенине карабай Россиянын аскерлерин Украинанын чыгышындагы аймактардан сүрүп чыгара албайт", — деген журналист.
Ал Батыш өлкөлөрүнүн Киевге көрсөткөн колдоосу украиналыктар арасында өлүмдү көбөйтүп, Батыш экономикасын дагы дегредацияга кептээрин белгилеген. Такер Карлсон 9-февралга караган түнү өзүнүн сайтына жана башка платформаларга Россия президенти менен маектешкенин жүктөгөн. Видео жарыялагандан баштап Х соцтармагында 170 миллион жолу каралса, YouTube платформасында 10 миллиондон ашык адам көргөн. Бул маекти Кремдин сайты да жарыялаган.
Америкалык журналист менен баарлашууда Путин Россия НАТОго, анын ичинде Польша, Латвия жана башка Балтика боюндагы өлкөлөргө кол салбай турганын айтып, Россия глобалдык согуштун отун тутандырат деген кеп акылга сыйбастыгын, андай болбой турганын белгилеген. Путин Батыш Россиянын стратегиялык жактан жеңилүүсү мүмкүн эместигин аңдай баштаганын белгилеген.
РФ президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсон менен болгон маек учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Путин: Украинадагы мамлекеттик төңкөрүш АКШнын оңбогондой катасы болгон
Жаңылыктар түрмөгү
0