Кыргызстанга коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам зарылбы? Талдоо

© iStock.com / Utah778Судьянын балкасы жана ноутбук таразанын фонунда. Иллюстративдик сүрөт
Судьянын балкасы жана ноутбук таразанын фонунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Жазылуу
Кыргызстанда коммерциялык эмес тармактын ишмердиги жөнгө салынышы керекпи? Sputnik ушул соболдун тегерегинде эксперттердин пикирин тыңдап көрдү.
30дан ашуун өлкө коммерциялык эмес/бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун кабыл албоого мажбурлап жатканын декабрда өткөн Элдик курултайда президент Садыр Жапаров билдирген. Анын айтымында, чет өлкөлүк өнөктөштөр өз өлкөлөрүндө мындай ишмердикти жүргүзгөндөр мамлекетке отчет берери эскертилсе, укмаксанга салышат.
Ошол эле учурда Жапаров бийлик бейөкмөт уюмдардын акчасына ашыкпаганын, болгону алардан ачык иш алып барууну өтүнүп жатышканын баса белгилеген.
"Миллиондоп долларларды алып, бирок бир да тыйын төлөшпөйт. Социалдык фондго төлөм чегерилиши керек, аны да көрсөтүшпөйт. Ал эми биз аны билишибиз керек", — деген өлкө президенти.
Бейөкмөт сектордун ишмердигин жөнгө салуу зарылдыгы мындан эки жыл мурун эле айтыла баштаган. Ошондо бул демилгеге коммерциялык эмес түгүл эл аралык уюмдар да каршы чыккан. Айтмакчы, ушундай эле мыйзамды кабыл алууда мындай көрүнүш Россияда да болгон. Ал эми Грузияда ушул сыяктуу мыйзам долбоорун кабылдоонун соңку аракетинде нааразылык митингдери башаламандыкка чейин жеткен.
Демократиянын тиреги атыккан Америка Кошмо Штаттарында коммерциялык эмес уюмдар кандай иштээрин талдап, алардын мыйзамы менен Кыргызстанда демилгеленип жаткан долбоорду салыштырып көрөлү.

Коммерциялык эмес уюмдардын саны

Ушул тапта Кошмо Штаттарда 1,5 миллиондон ашуун коммерциялык эмес уюм жана ар кандай бирикме иштейт. Ошол эле учурда өлкө калкынын саны 339 миллион кишини түзөт (демек, ар бир уюмга болжол менен 226дан киши туура келет).
Ал эми Кыргыз Республикасында бейөкмөт уюмдардын саны боюнча расмий маалымат жок. 2015-жылы ошол убактагы ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулу өлкөдө ушул багыттагы 14 миңден көп уюм катталганын, ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча, алар 19 миңден ашарын айткан эле.
Бүгүн эксперттер 18 миңден 30 миңге чейинки ар кандай сандарды аташат. Мыйзам долбоорунун демилгечисинин айтымында, Бишкекте эле алардын саны 18,5 миңден ашат. КР калкынын саны – Улуттук статистика комитетинин 2023-жылга карата маалыматы боюнча 7 миллион 37 миң киши (эгер максималдуу эсебин алсак, 30 миң бейөкмөт уюмга 234төн киши тиет). Демек, жан башына карата АКШ менен Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюмдардын саны бирдей эле ченемде. Бирок ал жактагы уюмдардын басымдуу бөлүгүн америкалыктар өздөрү каржыласа, кыргызстандык бейөкмөт уюмдардын көпчүлүгү чет өлкөлүк фонддордон тыйын алышат.

Салык маселеси

АКШда коммерциялык эмес тармак өз ишмердиги жөнүндө мамлекетке отчет (анын ичинде каржылык да) берип, салык төлөйт. Билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык кызматтар, искусство, гуманитардык илим жана дин жаатында иш алып барган уюмдар салыктан бошотулушу ыктымал, бирок бул үчүн алар салык кызматынын талаптарына төп келиши абзел.
© Sputnik / Жоомарт УраимовКурс доллара к сому в Кыргызстане
Курс доллара к сому в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын ишмердиги, анын ичинде каржылык багыты да эч кандай жөнгө салынбайт. "Бейөкмөт уюмдар миллиондорду алып, бирок салык төлөшпөйт" дегенде өлкө президенти дал ушуну айткысы келген.

Жөнгө салуу

Кошмо Штаттарда сырттан каржыланган коммерциялык эмес уюмдар тээ 1938-жылы (!) эле кабыл алынып, ал эми 1966-жылы өзгөртүүлөр киргизилген "Чет өлкөлүк агенттерди каттоо" (FARA) жөнүндөгү мыйзамга баш иет.
Кыргызстанда мындай мыйзам жок, ал эми бийликтин жөнгө салуу аракеттерине бейөкмөт уюмдар каршы чыгып келет.

Чет өлкөлүк агенттер

АКШда жеке жактар жана уюмдар толугу менен же жарым-жартылай сырттан каржыланса, алар чет өлкөлүк агент болуп саналышы ыктымал. Булардан тышкары чет өлкөлүк принципалдын көзөмөлүндө иш алып барган, анын кызыкчылыгы үчүн саясий ишмердик жүргүзгөн жеке же юридикалык тарап чет өлкөлүк агент деп таанылышы мүмкүн.
FARA мыйзамына ылайык, Вашингтондун ички же тышкы саясатына карата өкмөттүн же калктын бир бөлүгүнүн көз карашын өзгөртүүгө багытталган чаралар саясий ишмердик болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кошмо Штаттарда 3,5 миң уюм жана жеке жак чет өлкөлүк агент делет. 2016-жылдан тарта чет өлкөлүк агенттердин саны кескин, тагыраак, 30 пайызга өсүп кеткен.
Алардан чет өлкөлүк жак менен алакасы, ошондой эле өз аракеттери, түшкөн каражат жана чыгымдары туурасында жарым жылда бир маалымдап туруу талап кылынат. Өз маалыматтарын алар чет өлкөлүк агент тарабынан таркатылып жатканын белгилөөгө тийиш.
Жалпыга маалымдоо каражаттары чет өлкөлүк агенттер тизмегине кирбейт, бирок айрым чет өлкөлүк медианын өкүлдөрүн бийлик ушундай агент катары катталууга мажбурлашы ыктымал. Мисалы, АКШ Юстиция министрлиги RT America жана Sputnik USA өнөктөштөрүн чет өлкөлүк агенттер тизмегине киргизген. Бирок бир катар башка өлкөлөрдүн мамлекеттик маалымат каражаттары, атап айтканда, BBC, CCTV, France 24, Deutsche Welle андай каттоодо турбайт.
© AFP / STEFANI REYNOLDSФлаг США на монументе Вашингтона
Флаг США на монументе Вашингтона - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Чет өлкөлүк агенттер жөнүндөгү мыйзам бузулса 250 миң долларга чейинки айып пул салынып же беш жылга дейре абак жазасы каралган. Эгер кайсы бир коммерциялык эмес уюм АКШ Юстиция министрлигине кабарлабастан башка мамлекеттин агенти катары иш алып барса, анда анын жетекчилиги он жылга эркинен ажыратылат.
Эксперттердин пикиринде, Кыргызстанда чет өлкөлүк оюнчулардын таасири кыйла күчтүү. Алар республикадагы процесстерге экономикалык жактан да, саясий да, маалыматтык жактан да таасир эте алышат, бирок аларга карата мамлекет эч кандай чара көрө албайт.
Азыр КР Кылмыш кодексин "Жарандардын өздүгү жана укуктарына зыян келтирүү" беренеси менен толуктоону сунуштап жатышат. Ага ылайык, мыйзам бузгандарга 50-100 миң сомго чейинки айып пул же беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда. Мындай бейөкмөт уюмдардын ишмердигине жигердүү катышып, ошондой эле андай жоруктарды үгүттөгөн күнөөлүү 100-200 миң сомго чейинки айып пул менен жазаланып же он жылга кесилет (ушул жазаны беш жылга чейин түшүрүү сунушталууда).
Корутунду: Кыргызстанда Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам бузулганда Кошмо Штаттарга караганда кыйла жумшак жаза каралып, ал эми айып пулдар да америкалык өлчөмдөн аз болушу мүмкүн.

Башкаларда жагдай кандай?

Өзбекстан
Өзбекстан Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматтарына ылайык, өлкөдө мамлекеттик жана коммерциялык эмес (бейөкмөт) уюм катары катталган 11 399 бирикме иш алпарат.
Өзбекстандын калкынын саны 35 миллион 438 миң 713 кишини (ошондо бир уюмга 3 108ден киши туура келет) түзөт.
Казакстан
Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин 2023-жылдын апрелине карата маалыматы боюнча, 23 335 бейөкмөт уюм катталып, бирок алардын 18 204ү гана иштейт.
Өлкө калкынын саны 2023-жылдын башында 19 миллион 766 миң 807 кишини (бир бейөкмөт уюмга 1 085тен киши туура келет) түзгөн.
Армения
Армениянын Юстиция министрлигине шилтеме жасалган ачык булактарда 2009-жылга карата 3 миңден ашуун коммерциялык эмес уюм катталганы айтылат. 2022-жылы республика аймагында 3 миллион 756 киши жашай турганы боюнча кабарланган (ошондо бир бейөкмөт уюмга 1 000ден киши туура келет).

Эксперттердин пикири

Sputnik агенттигинин бул жаатындагы суроолоруна Армения, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын эксперттери жооп беришти.

Ого эле арбын

Евразиялык изилдөөлөр институтунун филиалынын мурдагы директору Таалайбек Сагынов (Кыргызстан) өзү жетектеген мекеме 2008-жылы эле Кыргыз Республикасындагы бейөкмөт уюмдардын сандык жана сапаттык курамын изилдегенин айтты.
© Фото / Бактыбек МейманбековЕвразиялык изилдөөлөр институтунун филиалынын мурдагы директору Таалайбек Сагынов
Бизнесмен Таалайбек Сагынов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Евразиялык изилдөөлөр институтунун филиалынын мурдагы директору Таалайбек Сагынов
"Ошондо өлкөдө жашаган эки жүз кишиге (балдар менен карыяларды кошо эсептегенде) ушундай бир уюм туура келери аныкталган. Алар жок жерден эле пайда боло калып, кандайдыр бейөкмөттүк "дүр өсүш" болгон. Болгондо да кеп дал катталган уюмдар туурасында, албетте, бул алардын баары иштеп турганын туюндурбайт. Менимче, ошондой көрсөткүч орунсуз", — деген оюн билдирет Сагынов. Бирок, анын айтымында, тышкы каржылоонун баары эле бейөкмөт уюмдардын терс таасирин туюндурбайт.
"Себеби долбоорлор Кыргызстан үчүн чындап эле пайдалуу жана маанилүү болушу мүмкүн. Андайда чет өлкөлүк каржылоого тыюу салуу натуура. Бирок бейөкмөт уюм тымызын каржыланып же долбоорлору коомдо кабыл алынгыс жана тыюу салынган темаларга байланыштуу болсо, анда бул – тиешелүү органдардын иши. Ошондон улам бейөкмөт тармактын ишин ачык кылуу аракетинде калет жок", — деп эсептейт эксперт.

Саясаттан башкасынын баары

Өзбекстан Илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун улук илимий кызматкери, Г.Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин Ташкент филиалынын доценти, тарыхчы, публицист, философия илимдеринин кандидаты Равшан Назаров өлкөдө бейөкмөт уюмдар мезгил-мезгили менен кайра каттоодон өтүп турарын билдирди.
© Sputnik / Таалайбек ОроскуловӨзбекстан Илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун улук илимий кызматкери Равшан Назаров
Доцент ташкентского филиала РЭУ имени Плеханова Равшан Назаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Өзбекстан Илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун улук илимий кызматкери Равшан Назаров
"Анткени айрым уюмдар тек гана кагазда катталып, аларды жоюу маселеси жаралышы ыктымал. Бүгүнкү күндө бейөкмөт уюмдардын ишмердиги атайын мыйзам менен жөнгө салынып, ал эми аларды Мамлекеттик эмес уюмдардын улуттук ассоциациясы тескейт", — дейт Назаров.
Эксперт мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдарды каржылоо алардын уставдарында жазылганын да кошумчалады.
"Мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдар акчаны уюмдардын салымдарынан, мүчөлүк төгүмдөрүнөн, ар кыл фонддордон алат. Айрым бир бөлүгү, мисалы, жаштар, аялдарды колдоо же экологиялык долбоорлор мамлекеттик гранттарды да алышат. Чет өлкөлүк каржылоо да белгилүү бир фонддордун гранты катарында болот. Баса, Сорос фонду бизде жыйырма чакты жылдан бери иштебейт. Анын жабылышынын саясий өңүтү да бар чыгар, бирок формалдуу түрдө алар каттоодон туура эмес өткөнбү, айтор, ушул өңдүү бир себеби бар", — дейт эксперт.
Бейөкмөттүк сектор саясий маселелер менен алектенбөөгө тийиш, мамлекеттеги кырдаалга таасир этпеши керек.
"Коомдун алектенип жана чечүүнү талап кылган көйгөйлөрү жетишерлик. Коомдо ансыз да көйгөй жетиштүү. Менимче, мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдар социалдык чөйрөгө: майыптыгы бар адамдарды колдоо, аялдар жана жаштар көйгөйү, билим берүү багытына көңүл бурганы оң. Эгер уюм саясатка кийлигишсе, анда ал саясий партия катары катталышы шарт. Мисалы, "Өзбекстандын экологиялык кыймылы" сымал. Ал бир нече жыл бою мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюм макамында иш алып барып, 2019-жылы гана расмий түрдө Өзбекстандын экологиялык партиясына айланган", — деп маалымдады Назаров.

Өз талаасын түптөп...

Саясат таануучу Алина Молдокеева (Кыргызстан) Батыш өлкөлөрүндө коммерциялык эмес тармактын ишмердиги мыйзам менен жөнгө салынарын эскертти.
© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Алина Молдокеева
Кандидат политических наук Алина Молдокеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Саясат таануучу Алина Молдокеева
"Бизде бейөкмөт уюмдардын көпчүлүгү кайсы бир партиялар же уюмдарга, анын ичинде чет өлкөлүк бирикмелерге кошулуп алышат. Ошол себептен саясий пикирдин жаралышына таасир этип, бул чөлкөмгө түздөн-түз кызыкдар болгондор, албетте, бийликтин алардын ишин жана каржылык агымдарын көзөмөлгө алуу аракетине каршы чыгышат", — дейт Молдокеева.
Анын пикиринде, коммерциялык эмес уюмдар жана башка инструменттер аркылуу Батыш ар кыл өлкөлөрдө өзүнүн саясий, экономикалык жана маалыматтык талаасын түптөйт.

Зарылдык жаралды

Саясий эксперт Зарина Уметалиеванын (Кыргызстан) көз карашында, бейөкмөт уюм — мамлекеттин аткарууга чамасы жетпеген тигил же бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн адамдардын өз ара уюшуу ыкмасы.
© Sputnik / Асель СыдыковаСаясий эксперт Зарина Уметалиева
Политический обозреватель Зарина Уметалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Саясий эксперт Зарина Уметалиева
"Бейөкмөт уюмдар институт катары өзүн актап, майнаптуулугун да далилдей алышты. Анткен менен жакшы иштерди аткарымыш болуп, иш жүзүндө таптакыр башка нерсе менен алектенгендери да жок эмес. Аларга, албетте, суроо туулат. Бирок аны кайсы бир ниетти жаап-жашыруу үчүн эмес, максаттуу багыты боюнча иштетишсе, бул – натыйжалуу институт", — дейт Уметалиева.
Чет өлкөдөн каржыланып, коомдогу калыптанып калган үрп-адатка доо кетирүү максатындагы долбоорлорду киргизген уюмдар да бар экенин эскертти ал.
"Коммерциялык эмес уюмдар аркылуу бизге башкача ой жүгүртүү, бөлөкчө жашоо образын да таңуулашат. Ар кыл акцияларга, митингдерге катышып, ал тургай мамлекеттик органдардын чечимдерине саботаж кылгандарды көрүп жүрөбүз. Ошондой эле сырттан каржыланган маалымат каражаттары: телеканал, маалыматтык ресурстар да жок эмес. Алар биздин өлкөдө гана тургай, постсоветтик мейкиндиктин дээрлик баарында коомдук жана саясий күн тартибине таасир этип, өз кызыкчылыктарын таңуулоого тырышат. Ошондуктан алардын ишмердигин жөнгө салуу зарылдыгы жаралды", — деп түшүндүрөт эксперт.
"Евразиялык мониторинг" аналитикалык изилдөөлөр борборунун директору Алибек Тажибаев (Казакстан) коммерциялык эмес уюмдар жарандык коомдун маанилүү жана абдан майнаптуу инструменти деген пикирин айтты.
© Sputnik / Таалайбек Ороскулов"Евразиялык мониторинг" аналитикалык изилдөөлөр борборунун директору Алибек Тажибаев
Директор Центра аналитических исследований Евразийский Мониторинг Алибек Тажибаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
"Евразиялык мониторинг" аналитикалык изилдөөлөр борборунун директору Алибек Тажибаев
"Бейөкмөт уюмдар институту өзүн оң багытта көрсөтө алды, бирок ал көп учурда бүлүндүрүүчү ишмердикти жаап-жашыруу үчүн тосмого айланып калат. Көп өлкөлөрдө бейөкмөт уюмдар кырдаалды солгундатуу үчүн пайдаланылат. Эгер алардын ишмердигин көзөмөлдөө жөнүндө айтсак, Казакстанда коммерциялык эмес уюмдардын баары каржы булактары туурасында отчет берип, социалдык, камсыздандыруу жана башка төгүмдөрдү чегерет", — деп билдирди Тажибаев.

Бөлөк өлкөлөрдүн кызыкчылыгын тейлешет

Демилгелерди стратегиялык изилдөө аналитикалык борборунун жетекчиси Айк Халатяндын (Армения) айтымында, анын өлкөсүндө бейөкмөт уюмдарга тиешелүү мыйзам абдан либералдуу.
© Sputnik / Арам НерсесянДемилгелерди стратегиялык изилдөө аналитикалык борборунун жетекчиси Айк Халатян
Руководитель Аналитического центра стратегических исследований инициатив Айк Халатян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Демилгелерди стратегиялык изилдөө аналитикалык борборунун жетекчиси Айк Халатян

"Ошол себептен бизде алар абдан көп, миңдеп саналат. Болгондо да азыркы бийликтин айрым өкүлдөрү андай түзүмдөр менен тыгыз байланышкан. Көпчүлүгү Сорос фонду, USAID жана башка эл аралык фонд, уюмдар тарабынан каржыланат. Натыйжада биз бейөкмөт уюмдардын Армениянын ички саясий процесстерине кандайдыр бир таасирине күбөбүз. Ал эми андай көрүнүштүн эмнеге кептей турганын эл аралык жаңылыктарга карап аңдоого болот", — дейт Халатян.

Анын баамында, сырттан каржыланган уюмдар болжоп болбогон ишмердиктерге өтө баштады.
"Иш жүзүндө андай коммерциялык эмес уюмдар өз уставында белгиленген максаттар, мисалы, экологиялык маселелер менен эмес, Арменияда башка мамлекеттердин кызыкчылыгын тейлөө менен алек. Маңызында алар саясий турмушка кийлигишип, ал эми адам укуктары одоно бузулган учурларга кулак жапырышканы айран-таң калтырат. Мурда бийликтин оппозициянын аракеттерине бөгөт болууга тырышканы бейөкмөт уюмдар тарабынан кескин сынга алынып, батыш дипломаттары катуу айыптап чыгышар эле. Укук коргоо уюмдары нааразы жактардын тарабында болуп, адам укуктарынын корголуп, күч колдонууга жол берилбеши керектигин белгилешчү. Ал эми азыр нааразычылык акцияларына чыккандар сабалып, полициянын чектен чыккан аракеттери айдан ачык болуп турса да "укук коргоочулар" үндөбөй, ал түгүл полициянын кадамдарын жакташат. Ошентип, алар өздөрү каржылаган маселелер боюнча гана иштеп, армениялык коомдун көйгөйлөрүнө чындыгында таптакыр кайдыгер", — деп кейийт эксперт.

Соңку сөздүн ордуна

Кыргызстанда коммерциялык эмес сектордун ишмердиги жөнгө салынышы кажет. Батыш мамлекеттеринде тийиштүү мыйзамдар иштеп, мамлекет өзүнүн саясий жана коомдук турмушуна чет өлкөлүк таасирди чектөөгө тырышат. Коомго бүлүк сала турган ишмердик үчүн пайдаланыла турган коомдук процесстерди жөнгө салууга мүмкүндүк берген мыйзам бизге да зарыл болуп турат.
Журналист ноутбук менен иштеп турган учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Гранттардан көз каранды "эркин" ЖМКлар. Булардын милдети эмне?
Жаңылыктар түрмөгү
0