85 жашка толмок. Дооронбек Садырбаевдин сүрөттө калган элеси

Жазылуу
Атактуу кинорежиссер, мамлекеттик ишмер Дооронбек Садырбаевдин көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыздын залкар уулунун сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Белгилүү кинорежиссер Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепти аяктаган соң борбор калаага келип медициналык институтка өтөт. Бирок аны аягына чейин окуп бүтпөй кинематографияга баш-оту менен кирип кетет. Киностудияда иштеп жүрүп Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтунан билим алып келген. Киночу 28 жыл "Кыргызтелефильмде" режиссер, сценарист болуп эмгектенип 70тен ашык даректүү тасма, "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы" өңдүү 16 көркөм фильм тарткан. Таланттуу инсан ошондой эле кинодо актер, диктор болуп, үн коштоп да өз күчүн сынаган.
Андан сырткары, калеми курч Кыргыз эл артисти 20дан ашык китепти автору. Анын эмгектери кыргыз, орус тилдеринде жарык көрүп, ырлары обонго салынган.
Кыргыз Республикасынын Баатыры кийин саясатка аралашып Жогорку Кеңешке бир нече жолу депутат болуп шайланган. Парламентте курч сөз, ачуу чындыкты айткан аксакал 2008-жылы 28-майда 69 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.
© Фото / из семейного архива Садырбаевых

Элетте туулуп-өскөн Дооронбек Садырбаев атасынан эрте ажырап өз киндигин өзү кескен

Элетте туулуп-өскөн Дооронбек Садырбаев атасынан эрте ажырап өз киндигин өзү кескен - Sputnik Кыргызстан
1/15

Элетте туулуп-өскөн Дооронбек Садырбаев атасынан эрте ажырап өз киндигин өзү кескен

© Фото / из семейного архива Садырбаевых

Фрунзедеги медициналык институтта билим алган кез. Дооронбек Садырбаев оң жагында турат.

Фрунзедеги медициналык институтта билим алган кез. Дооронбек Садырбаев оң жагында турат. - Sputnik Кыргызстан
2/15

Фрунзедеги медициналык институтта билим алган кез. Дооронбек Садырбаев оң жагында турат.

© Фото / из семейного архива Садырбаевых

Таланттуу инсан 1965-жылы "Алымкан" көркөм тасмасында башкы каарман Токтогулдун образын жараткан. Сүрөттө СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен.

Таланттуу инсан 1965-жылы "Алымкан" көркөм тасмасында башкы каарман Токтогулдун образын жараткан. Сүрөттө СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен. - Sputnik Кыргызстан
3/15

Таланттуу инсан 1965-жылы "Алымкан" көркөм тасмасында башкы каарман Токтогулдун образын жараткан. Сүрөттө СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен.

© Sputnik / Александр Федоров

Садырбаев 1962-жылдан баштап "Кыргызтелефильмде" режиссер, сценарист болуп иштеген

Садырбаев 1962-жылдан баштап "Кыргызтелефильмде" режиссер, сценарист болуп иштеген - Sputnik Кыргызстан
4/15

Садырбаев 1962-жылдан баштап "Кыргызтелефильмде" режиссер, сценарист болуп иштеген

© Sputnik / Александр Федоров

Кинорежиссер "Кнопка" тасмасын тартуу учурунда кичинекей башкы каарман менен, 1973-жыл

Кинорежиссер "Кнопка" тасмасын тартуу учурунда кичинекей башкы каарман менен, 1973-жыл - Sputnik Кыргызстан
5/15

Кинорежиссер "Кнопка" тасмасын тартуу учурунда кичинекей башкы каарман менен, 1973-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Топоздор менен кубалашып тасма тарткан киночулар. Садырбаев так ортодо отуруп алып көз салууда.

Топоздор менен кубалашып тасма тарткан киночулар. Садырбаев так ортодо отуруп алып көз салууда. - Sputnik Кыргызстан
6/15

Топоздор менен кубалашып тасма тарткан киночулар. Садырбаев так ортодо отуруп алып көз салууда.

© Sputnik / Александр Федоров

КР эл артисти чыгармачыл жолунда 16 көркөм, 70тен ашык даректүү тасма тарткан

КР эл артисти чыгармачыл жолунда 16 көркөм, 70тен ашык даректүү тасма тарткан - Sputnik Кыргызстан
7/15

КР эл артисти чыгармачыл жолунда 16 көркөм, 70тен ашык даректүү тасма тарткан

© Sputnik / Александр Федоров

СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен иш үстүндө. 1980-жылдар

СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен иш үстүндө. 1980-жылдар - Sputnik Кыргызстан
8/15

СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен иш үстүндө. 1980-жылдар

© Sputnik / Александр Федоров

Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде "Акбаранын көз жашы" фильмин Алайдын бийик тоолорунда тартуу учуру

Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде "Акбаранын көз жашы" фильмин Алайдын бийик тоолорунда тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
9/15

Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде "Акбаранын көз жашы" фильмин Алайдын бийик тоолорунда тартуу учуру

© Sputnik / Александр Федоров

Жогорку Кеңештин жыйынында отурган эл өкүлү. Саясатчы бир нече чакырылыштын депутаты болуп шайланган.

Жогорку Кеңештин жыйынында отурган эл өкүлү. Саясатчы бир нече чакырылыштын депутаты болуп шайланган. - Sputnik Кыргызстан
10/15

Жогорку Кеңештин жыйынында отурган эл өкүлү. Саясатчы бир нече чакырылыштын депутаты болуп шайланган.

© Фото / из семейного архива Садырбаевых

Парламентте эч кимден коркпой курч сүйлөп, ачуу чындыкты айткан депутат эл арасында

Парламентте эч кимден коркпой курч сүйлөп, ачуу чындыкты айткан депутат эл арасында - Sputnik Кыргызстан
11/15

Парламентте эч кимден коркпой курч сүйлөп, ачуу чындыкты айткан депутат эл арасында

© Sputnik / Александр Федоров

Көп кырдуу таланттын акын, жазуучулук өнөрү да болгон. Залкар инсандын ондогон китеби кыргыз, орус тилдеринде окурмандарга сунушталган.

Көп кырдуу таланттын акын, жазуучулук өнөрү да болгон. Залкар инсандын ондогон китеби кыргыз, орус тилдеринде окурмандарга сунушталган. - Sputnik Кыргызстан
12/15

Көп кырдуу таланттын акын, жазуучулук өнөрү да болгон. Залкар инсандын ондогон китеби кыргыз, орус тилдеринде окурмандарга сунушталган.

© из семейного архива Дооронбека Садырбаева

Коомдук ишмер жубайы Сонунбүбү Көлбаева менен 47 жыл чогуу өмүр сүргөн. Жубайлар бир кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн.

Коомдук ишмер жубайы Сонунбүбү Көлбаева менен 47 жыл чогуу өмүр сүргөн. Жубайлар бир кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. - Sputnik Кыргызстан
13/15

Коомдук ишмер жубайы Сонунбүбү Көлбаева менен 47 жыл чогуу өмүр сүргөн. Жубайлар бир кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн.

© Фото / из семейного архива Садырбаевых

Небересин эркелеткен чоң ата, ардагер кинорежиссер, саясатчы

Небересин эркелеткен чоң ата, ардагер кинорежиссер, саясатчы - Sputnik Кыргызстан
14/15

Небересин эркелеткен чоң ата, ардагер кинорежиссер, саясатчы

© Sputnik / Александр Федоров

Дооронбек Садырбаев быйыл көзү тирүү болгондо 85 жашка толмок

Дооронбек Садырбаев быйыл көзү тирүү болгондо 85 жашка толмок - Sputnik Кыргызстан
15/15

Дооронбек Садырбаев быйыл көзү тирүү болгондо 85 жашка толмок

Тема боюнча:
Театрдын жарык жылдызы эле... Актер Азиз Мурадилаевдин сүрөттө калган элеси
75 жашка толмок. Айтылуу тасмаларды тарткан оператор Мурат Алиевдин сүрөттөрү
Киного 18 жашында аралашкан. Режиссер Төлөгөн Сыдыковдун сүрөттөрү
Кыргыз балетинин чолпон жылдызы эле. Чолпонбек Базарбаевдин сейрек сүрөттөрү
Көп таланттын жылдызы жанган. "Мен — Тянь-Шань" тасмасындагы ирмемдер
Жаңылыктар түрмөгү
0