Жапаров Кыргызстанга шарият принцибиндеги финансылык институт ачууга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Жазылуу
Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын изилдөө үчүн банктын өкүлдөрү келе турган болду.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Анда ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
1/2

Президент Садыр Жапаров Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушту

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Анда ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды

Анда ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды - Sputnik Кыргызстан
2/2

Анда ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды

1/2

Президент Садыр Жапаров Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушту

2/2

Анда ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери талкууланды

“Кыргызстан өз ишин шарият ченемдерине ылайык так жүргүзгөн толук кандуу финансылык институтту ачууга кызыкдар. Бул максаттар үчүн өлкөдө укуктук база бар жана мындай финансылык кызматтарга кызыгуу күч”, — деди Жапаров.

Ошондой эле президент 1975-жылы ачылган Дубай ислам банкынын тажрыйбасы исламдык каржылоо кызматтарын жакшыртууга маанилүү салым болмоктун белгилеген.
Өз кезегинде банктын төрагасы Жапаровдун пикирин кубаттап, өз ара пайдалуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын изилдөө үчүн банктын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту Кыргызстанга жиберүү ниетин билдирген.
Баарлашууда ал туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду да ишке ашырууга кызыкдар экендигин ачыктаган.
Дубай шаарында өкмөттөр Х дүйнөлүк саммиттин катышуучу өлкөлөрдүн желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2024
Садыр Жапаров: Кыргызстанды региондук "бизнес-оазиске" айлантууну каалайбыз
Жаңылыктар түрмөгү
0