БШК дагы бир депутатты мөөнөтүнөн мурун мандаттан ажыратты

© Фото / пресс-служба ЦИК КРЖогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаев. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2024
Жазылуу
2021-жылы Абдыбахаб Боронбаевдин аты-жөнү Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун ишинде аталган.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаевди мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратты.
Мандатын тапшыруу боюнча арызды "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын өкүлү өз ыктыяры менен жазган.
Эскерте кетсек, Боронбаев Бакыт Төрөбаевдин ордуна келген болчу.
2021-жылы Абдыбахаб Боронбаевдин аты-жөнү Райым Матраимовдун иши боюнча иште аталган. УКМК Нурлан Ражабалиев (Баткен округунан шайланган учурдагы депутат) экөөнү коррупцияга айыптап, натыйжада экөө тең күнөөсүн мойнуна алган. Ражабалиев тергөө менен кызматташуунун натыйжасында мамлекетке 12 миллион сом төлөп берсе, Боронбаев 8 миллион төккөн.
Мандатынан ажыратылган Эмил Жамгырчиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Эмил Жамгырчиев депутаттык мандатынан ажыратылды
Жаңылыктар түрмөгү
0