Памперс баланы заарасын кармай албай калууга чейин жеткирет. Урологдун маеги

© Фото / Unsplash / Laura OhlmanПамперс кийген жөрмөлөп бараткан бала. Иллюстративдик сүрөт
Памперс кийген жөрмөлөп бараткан бала. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2024
Жазылуу
Энурез — коомчулукта көп айтылбаганы менен кеңири тараган оору. Кары-картаңдар заарасын кармай албай калса, жаш балдар түндөсү төшөктү булгап коёт.
Sputnik Кыргызстан редакциясынын №3 балдар ооруканасынын урология бөлүмүнүн дарыгери Бакыт Орозбаев болду. Биз оорунун табияты, кесепети тууралуу сүйлөштүк.
— Энурез оорусуна жалпы түшундүрмө берсеңиз?
— Энурез — бул адам белгилүү бир неврологиялык себептерден улам өз күчү менен заара чыгаруу процессин башкара албай калган патологиялык абал. Аны көзөмөлдөө жөндөмү али пайда боло элек же кандайдыр бир себептерден улам жоголуп кеткен болот. Бул дарт негизинен беш жаштан жети жашка чейинки убакта аныкталат. Кичинекейлер ар кандай памперстерди кийип жүрүшөт. Көп ата-эне анын зыяндуулугуна маани бербейт. Жадагалса толмоюнча алмаштырышпайт. Памперс кийип жүргөндө баланын кайсы убакта канча жолу сийип жатканы белгисиз. Кээ бир балдар табарсыгы толсо да айтпай жүрө берет. Бир жыл тынбай муздак памперс кийип жүргөн бала кечкисин төшөккө да заара ушатып баштайт. Айрымдары түнкүсүн 2-3 ирет заара ушатып коёт. Мунун себептери да ар кандай. Табарсыкка, бөйрөккө суук тийиши мүмкүн. Тубаса оорулардын кесепетинен да пайда болот. Андан тышкары, неврологиялык, психологиялык жактан жабыркоонун да натыйжасы болушу мүмкүн. Муну менен катар кант диабети жана эндокриндик оорулар менен жабыркаган балдарда да энурез пайда болот.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭнурез — бул адам белгилүү бир неврологиялык себептерден улам өз күчү менен заара чыгаруу процессин башкара албай калган патологиялык абал
Врач урологического отделения Детской больницы №3 Бакыт Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2024
Энурез — бул адам белгилүү бир неврологиялык себептерден улам өз күчү менен заара чыгаруу процессин башкара албай калган патологиялык абал
— Неврологиялык оору болсо катуу коркуп калуу да таасир этет экен да. Энурезге чалдыгуунун себебин кантип аныктайбыз?
— Бир айда эки жолу түнкүсүн же бир жолу күндүз (шымына) заара ушатып койсо да энурез менен жабыркаган болуп эсептелет. Бала табарсыгы толгонун сезиши керек. Айрым активдүү балдар оюнга өтө берилип кеткендиктен заарасы чыгып кеткенче жүрө берет же ойноп жүргөндө эле сийип коёт. Буга үйдөгү атмосфера да таасир этет. Кээ бирлер бала бакчага бара баштаганда башка чөйрөгө түшүп калгандыктан ушундай көйгөйгө чалдыгат. Ата-энелердин урушунан же үйдөгүлөрдөн корунгандыктан кичине бала сийип койгон муздак төшөгүндө жата берип да бөйрөгүнө, табарсыгына суук тийгизет. Көбүнчөсү оору экенин түшүнбөй эле балдарды жазалап коюшат. Анын үстүнө азыр ата-энеси миграцияга кетип, көп балдар жакындарынын колунда ар кандай шартта жашап калышууда. Бул оору балдардын социалдык жашоосуна да байланыштуу. 5 жашка чейинки балдардын 20 пайызы, 10 жаштагылардын 15 пайызы, ал эми 18 жашка чейинки курактагылардын 3 пайызы ушул оору менен жабыркай турганы белгилүү.
Уролог: балага 6-7 жашка чейин памперс кийгизүү энурезди шарттайт
— Кантип алдын алууга болот?
— Ата-энеси кечке жумушта болуп, бала ар кандай учурда тамактанып, суудан көп ичип алат. Беш жаштагы бөбөк күнүнө бир литр суу иче турган болсо, ошонун 80 пайызын күндүз ичиши керек. Үч жаштан өткөндөн кийин балада табарсыгын көзөмөлдөө сезими пайда болот. Ал эми энурез менен ооруган балдар аны сезбейт. Эгер баланын урологиялык, неврологиялык же башка оорунун себебинен заара ушатып коюусу байкалса, анда дарылоо керек. Анткени оору күчөй берет.
— Бул оору тукум кууйбу?
— Ооба. Бизге келген ата-энелердин баары эле муну мойнуна ала беришпейт. Атасы тарапта же апасы тараптан болушу мүмкүн. Туугандары ооруса баланын ооруп калуу кооптуулугу 5 пайызды, ал эми ата-энеси ооруса дартка чалдыгуу тобокелдиги 75 пайызды түзөт.
— Кыргызстанда оорунун таралышы кандай?
— Биздин өлкөдө бул илдет боюнча статистика жүргүзүлгөн эмес. Ал эми Россия, Түркия өңдүү мамлекеттерде балдар арасында 20-25 пайызды түзөт. Бул оору көп профилдүү. Бизде неврологдор, психологдор, психиатрлар да карайт. Энурез негизи экиге бөлүнөт. Эгер бала урологиялык жактан жабыркаса, биз дарылайбыз. Анализдерди алып, УЗИге түшүрүп себебин аныктайбыз. УЗИге эки жолу тартылат. Табарсыктагы зааранын калдыгы 5 миллилитрге чейин норма деп эсептелет. Эгер 10 миллилитрден өйдө калса патология катары дарыланат. Төшөккө сийген балдардын 80 пайызына диагноз коюлбайт. Ал эми 20 пайызы урологиялык, неврологиялык, психиатриялык оорулар менен коштолот. Ошого жараша профилактика жүрөт.
© Sputnik / Асель СыдыковаОрозбаев: памперс кийип жүргөндө баланын кайсы убакта канча жолу сийип жатканы белгисиз
Врач урологического отделения Детской больницы №3 Бакыт Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2024
Орозбаев: памперс кийип жүргөндө баланын кайсы убакта канча жолу сийип жатканы белгисиз
— Кандай дарылоо ыкмалары колдонулат?
— Балдарын алып келген ата-энелерге эртең менен чүрпөсү канчада турарын, бир күндө канча жолу сиерин жазып келгиле дейбиз. Тилекке каршы, энурезге чалдыккан балдар бир аз чоңойгондо абдан кеч жатышат. Бирок баланы "укта, сий" деп мажбурлабай, кайсы убакта заара ушатса, ойгонсо баарын так, үч күндүкүн жазып келиш керек. Ага карата энурездин деңгээли билинет. Урологиялык башка оорулар да болуп калышы мүмкүн. Ошого жараша препарат жазылат. Бирок канчалык дары берсе деле үйдөгү шарт оңолбосо жыйынтык болбойт. Анткени балага жылуу-жумшак, ыңгайлуу шарт болушу керек. Жүрүм-турумун, рефлекстерин жөнгө салмайынча дарылануу натыйжа бербейт. Анализдеринен суук тийүүнүн белгилери байкалса антибиотик, кечкисин көп сийсе заарасын азайта турган дарылар колдонулат. Баланын табарсыгын кеңейтип, анын жыйрылышына себепчи болгон булчуңдардын иштешин калыбына келтиребиз. Кээде ичегилерден да мүчүлүштүк кетиши мүмкүн. Суу ичүү режимин да байкап, ага жараша ичкени менен заара чыгаруусунун айырмачылыгына да көңүл бурабыз. Энурезге ар кайсы чөптү кайнатып берүүгө болбойт. Мектепте айрым окуучулар бир сабак бүткүчө 3-4 жолу дааратканага суранышат экен. Мындай учурда мугалим түшүнүү менен мамиле кылып, ата-энеге эскертиши керек. Баласы төшөккө сиерин билген ата-эне тарбиячыларга табыштайт. Анткени түштө эки саатка уктаганда бир маал дааратканага алып баруу кажет. Булганган төшөктө көпкө жатып калууга болбойт.
Медициналык адис кош бойлуу аялга УЗИ кылып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Өзүн карабаган эне баласынын ден соолугуна балта чабат. Педиатрдын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0