Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Мугалимдер үчүн "Санарип кампа" иштей баштайт. Министрлик чоо-жайы тууралуу

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүМектепте сабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Мектепте сабак өтүп жаткан мугалим. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2024
Жазылуу
Министрдин орун басарынын айтымында, азыркы тапта мугалимдердин материалдарынын баары ар кыл санарип булактарда жайгашкан.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстанда билим берүүгө байланышкан бардык маалыматтарды электрондук форматта сактаган "Санарип кампа" долбоору ишке кирет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин санариптешүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билдирди.
© Sputnik / Акбар АкжигитовБилим берүү жана илим министринин санариптешүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева
Брифинг Минобрнауки о цифровизации в системе образования - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2024
Билим берүү жана илим министринин санариптешүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева
Анын айтымында, бул — тиркеме катары кире турган үч программалык сервистин бири.
"Коронавирус пандемиясы учурунда ар кандай видеосабактар, видеокласстар, презентациялар, тест, сурамжылоолор түзүлүп жасалды. Баары тең ар кайсы булакта жайгашкан. Материалды издөөгө көп убакыт кетет. Санарип репозиторийинде жасалма интеллект (ЖИ) колдонулат. Ал мугалимдерге репозиторийде сакталган материалдарды табууга жардам берет. Мисалы, эгер физика мугалими кайсы бир тема боюнча маалымат издей турган болсо, ЖИ дагы "Санарип кампадан" тийиштүү маалымат чогултуп, видео, сүрөт боюнча иштейт. Учурда "Санарип кампа" STEM-предметтер боюнча кыргыз тилинде иштелип чыгууда", — деди Самыкбаева.
ChatGPT тиркеменин логотиби жана Жасалма интеллекттин кыскартылган аты. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2024
Программисттер ChatGPT жасалма интеллектинин кыргызча аналогун өнүктүрүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0