Саидбек Зулпуев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди

© Фото / пресс-служба ЦИК КРЖогорку Кеңештин депутаты Саидбек Зулпуев
Жогорку Кеңештин депутаты Саидбек Зулпуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2024
Жазылуу
Зулпуев 1968-жылы Ноокат районундагы Көк-Жар айылында төрөлгөн.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Банктарды реструктуризациялоо боюнча агенттиктин мурдагы директору Саидбек Зулпуевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттады.
Ал Абдыбахаб Боронбаевдин ордуна “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси боюнча депутаттыкка аттанды. Боронбаев буга чейин мандатын тапшыруу боюнча БШКга өзү арыз берген.
Зулпуев 1968-жылы 11-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Москвадагы Плеханов атындагы Россия экономикалык академиясын аяктаган.
Эмгек жолу:
1993-1995 ―"Кыргызгипроводхоз" долбоорлоо институтунда жетектөөчү адис, жетекчинин орун басары;
1995-1997 ― Агроөнөр жай комплекси башкармалыгынын башкы адиси;
1997 ― Финансы министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүндө жетекчи;
1997-2000 ― Финансы министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүндө бюджет боюнча бөлүм башчы;
2000-2001 ― Финансы министрлигинин Чүй облустук бюджеттик бөлүмүндө жетекчи;
2001-2007 ― Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында директордун орун басары;
2007-2011 ― Финансы министрлигинде министрдин орун басары, борбордук казынанын директору;
2012-2021 ― Банктарды жоюу боюнча агенттикте директор.
Депутат Айсулуу Мамашова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2024
Айсулуу Мамашова менен Элдар Абакиров ЖКга депутат болуп келишти
Жаңылыктар түрмөгү
0