Бир жылда депозиттин көлөмү 100 млрд. сомго өсүп, 430 миллиардга жетти

© Sputnik / Жоомарт УраимовБеш миң сомдук купюрасы. Архив
Беш миң сомдук купюрасы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Жазылуу
Депозиттик база туруктуу негизде өсүп жатат, мисалы, декабрда 20 миллиард сомго көбөйгөн.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Өткөн жылдын соңуна карата Кыргызстандын банктарында депозиттин көлөмү 431 миллиард 341,4 миллион сомго жетип, рекордун жаңылады. Бул туурасында Улуттук банктын статистикалык маалыматында жазылган.
Көрсөткүч бир айда эле 20,3 миллиард сомго көбөйгөн.
Эске салсак, бир гана депозиттин (кыска мөөнөтүү жана керектөөгө чейинки) көлөмү эле эмес, банктык эсептеги акчалар да өсүүдө. Кеп юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле чет өлкөлүктөрдүн каражаты тууралуу болууда.
Депозиттик база туруктуу негизде өсүп жатат. Мисалы, 2022-жылдын аягында ал сумма 339 миллиард сомду түзсө, былтыр 102 милллиард сомго жогорулаган.
Лупа сом жана доллар купюраларын фонунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Кыргызстанда депозиттердин өзгөчөлүктөрү, артыкчылык жана терс жактары. Кеп-кеңеш
Жаңылыктар түрмөгү
0