ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу Россияга кирген унаа үчүн төлөм эсептөө тартиби өзгөрөт

© AFP / Justin Sullivan / Getty ImagesАвтоунааларды трал менен ташуу. Архив
Автоунааларды трал менен ташуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. 1-апрелден тарта ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу Россияга кирген унаа үчүн төлөмдү эсептөө тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу Россиянын өкмөтү кабарлаган.
Бул чечим автоунааларды ЕАЭБ өлкөлөрүндө бажыдан өткөрүп, кийин Россияга ташыган жаран, компаниялар менен автоунааны түз эле Россияда салык, жыйым төлөп, бажыдан өткөргөндөрдү бирдей шарт менен камсыз кылуу үчүн кабыл алынган.

"Ага ылайык, эгер автоунаа башка мамлекеттерден ЕАЭБ өлкөлөрүнө бажыдан төмөн баада өтүп, кийин Россияга алып келинсе, анда жеке жак болобу, юридикалык жак болобу, автоунаанын бажы акысына кошуп төлөп өткөрүп калат. Башкача айтканда, автоунааны үчүнчү мамлекеттерден Россияга түз ташып, алып киргендердин бажы акысы менен теңелет", — деп жазылат маалыматта.

Бул процессти Федералдык бажы кызматы көзөмөлдөй турганы айтылды.
Военно-Антоновкадагы автобазары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Кыргызстан былтыр 185 миң автоунаа импорттогон
Жаңылыктар түрмөгү
0