Камкордук уланат! Садыр Жапаров афган согушунун ардагерлерине кайрылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Садыр Жапаров. Архив
КР президенти Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Жазылуу
Президент Советтер Союзунун жогорку мамлекеттик сыйлыктарын алган 247 кыргызстандык жоокер менен кыргыз эли сыймыктанарын белгилеген.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, советтик аскерлердин Афганстандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуу жолдогонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.
"1989-жылдын дал ушул күнү дээрлик 10 жылга созулган афган согушу аяктап, Советтик армиянын чектелген аскердик контингенти Афганстандан чыгарылган. Кан күйгөн согушка аттанган 7 миңден ашуун кыргызстандыктын 300гө жакыны баатырдык көрсөтүп курман болсо, 1500 жоокер жарадар болуп, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Биз бул күнү алмончоктой уулдарынан айрылган ар бир ата-эненин көз жашы менен кайгысына ортоктош болобуз", — деп жазылат кайрылууда.
Президент эрдиги үчүн Советтер Союзунун жогорку мамлекеттик сыйлыктарын алган 247 кыргызстандык жоокер менен кыргыз эли сыймыктанарын белгилеген.
"Ажал огунан тайманбай кан кечип жүрүп курман болгон айкөл Манастын урпактарын биз эч качан унутпайбыз жана унутууга акыбыз жок! Алардын эрдиги кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат! Бүгүнкү күндө афган согушунун ардагерлери мекен, эл-журт үчүн кан-жанын аябаган эр жүрөк азаматтарыбыздын башында турарын белгилейм. Алар 1999-2000-жылдардагы Баткен – Чоң-Алай коогалаңында, андан кийинки мекенибиз туш болгон кыйын кырдаалдарда алдыңкы катарда тикесинен тик туруп келишкенин баарыбыз жакшы билебиз. Алардын эрдиги менен каармандыгы жаш муундардын демине дем, күчүнө күч кошуп, кайрап, бүлөп турары шексиз", — деген Жапаров.
Президент мекен чегин коргоого дайым даяр эр-азаматтарды мамлекет ар тараптан колдоп аларын айтып, камкордук жана сый-урмат мындан ары дагы улантыларын кошумчалаган.

"Бул күн сиздер үчүн өзгөчө күн. Ошондуктан бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын. Сиздерди ар дайым колдоп келе жаткан үй-бүлөңүздөргө ыраазычылык билдирем. Бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Мекенибизде дайыма тынчтык болуп, бакубатчылык өкүм сүрсүн!" — деп жазылат кайрылууда.

Sputnik Кыргызстан афган согушунун келип чыккан себептери кенен баяндалган материал даярдаган.
Баткенди коргоого ынтызар афган балдар. Кыргыз ССРине келген Кабул делегациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Баткенди коргоого ынтызар афган балдар. Кыргыз ССРине келген Кабул делегациясы
Жаңылыктар түрмөгү
0