Алексей Навальный абакта каза болду

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүСаясатчы жана юрист Алексей Навальный. Архив
Саясатчы жана юрист Алексей Навальный. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Алексей Навальный №3 түзөтүү колониясында көз жумганын РИА Новости кабарлады.

"16-февралда №3 түзөтүү колониясында буга чейин соттолгон А.А. Навальный жөө басып келгенден кийин өзүн жаман сезип жатканын айтып, эсин жоготуп койгон. Жерине Тез жардам кызматы чакырылган. Бирок медиктердин аракетине карабай ал көз жумган", — деп айтылат релизде.

Анын өлүмүнүн себеби такталып жатканы кошумчаланды.

Алексей Навальныйдын иши

2020-жылдын 20-августунда учакта баратып саламаттыгы начарлаган коомдук ишмер жана саясатчы Алексей Навальный Омск шаарындагы ооруканага жаткырылган. Текшерүүдөн кийин дарыгерлер анын зат алмашуусу начарлап, мындан улам кандагы канттын деңгээли түшүп кеткенин айтышкан. Буга эмне себеп болгону азырынча белгисиз, бейтаптын каны менен заарасынан эч кандай уу табылган эмес.
Кийинчерээк Навальныйды учак менен Германияга жеткиришкен. Шаршемби күнү ГФР өкмөтү аскер дарыгерлерине таянуу менен Навальный "Новичок" тобундагы уу менен ууландырылганын айтып чыккан. Кремль өз кезегинде Берлин Москваны бул тууралуу кабардар кылбаганын айтып, Германия жөнөтүлгөн расмий сурамга жооп берген эмес.
Ошол эле учурда Германиянын BND чалгын кызматы үчүн 1990-жылдан тарта "Новичок" жеткиликтүү экени маалым. Мындан тышкары, аны Улуу Британия, АКШ, Швеция, Чехия сыяктуу 20га чукул мамлекет иликтеген. Россия президенттин 1992-жылдагы жарлыгы менен химиялык курал багытында аракеттерин токтотуп, 2017-жылы бардык запасты жоготкон. Муну химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм да тастыктап берген.
Октябрдын башында Навальныйдын организминен табылган заттар "Новичокко" окшош экенине карабай тыюу салынган препараттардын тизмесинде эмес экени айтылган. Буга карабастан ЕБ Россияга каршы санкцияларды иштеп чыккан.
2021-жылдын февралында сот Навальныйдын "Ив Роше" компаниясы боюнча берилген шарттуу мөөнөтүн 3,5 жыл түрмөдө отуруу жазасына өзгөрткөн. Федералдык жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, Навальный сыноо мөөнөтүнүн шарттарын бузуп, кармалганга чейин издөөгө алынган. Натыйжада шаардык сот чечимди бекитип берген. Навальный абакта жазасын өтөп жаткан.
Түрмөнүн тосмосундагы тикенектүү зым. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Арстан Абдылдаевдин өлүмү. Зулушев түзөтүү мекемесинде инструкция болбогонун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0