Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ибраева: бөйрөк алмаштыруу операциясына кыргызстандык хирургдар даяр

© Sputnik / Асел АкматСаламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева
Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева гемодиализ алган бейтаптар жылына 200гө көбөйөрүн айтты.
Буга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк алмаштыруу боюнча операциялык блок иштеп, 2012-жылдан бери 54 операция жасалган. Бул тууралуу Нургүл Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ибраева: бөйрөк алмаштыруу операциясына кыргызстандык хирургдар даяр
Анын айтымында, гемодиализ алган бир бейтапка жылына миллион сом сарпталат.

"Мамлекеттен гемодиализ алып жаткан бейтаптардын саны өткөн жумада 2 654 адамды түздү. Жумасына 2ден 5 бейтапка чейин кошулуп турат. Ар бир шаршембиде атайын комиссия карап, мамлекеттик гемодиализге өткөрөт. Каржылоо жылдан-жылга көбөйүүдө. Анткени бейтаптардын саны өсүп турат. Быйыл 2 миллиард 400 миллион сом каралган. Бул акча жетпесе дагы суроого туура келет. Бир бейтапка жылына миллион сомго чейин сарпталат. Дарыгерлер 2012-жылдан бери бөйрөк алмаштыруу боюнча Беларусь жана башка чет мамлекеттерден окуп, тажырыйба топтоп келген. Бүгүн толук команда бар. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бир бөлүмүндө атайын операция жасоочу кабинет даярдалып, акырындык менен материалдык-техникалык базасы оңдолгон. Анда жарнамасыз эле оор кырдаалдарда бирден-экиден бөйрөк алмаштырылып жүргөн. Кыргыз-Түрк ооруканасында алгач ирет расмий түрдө бөйрөк алмаштыруу операциясын жасаар алдында статистиканы карасак, буга чейин өлкөдө 54 операция болуптур. Азыр материалдык-техникалык базаны дагы жакшыртып, операциялык блокту кеңейтүү керек. Ага кошумча каражат бөлүп берүүгө аракет жасалууда. Операцияга эки бригада кирип, бири бөйрөктү алып, экинчиси салып, эки столдо иштейт", — деди Ибраева.

Ал дарыгерлер тобу жабдыктарды иштетүү боюнча Түркияга окууга кеткенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0