Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

БУУ Киевди жарандык объектилерге чабуул жасоону токтотууга чакырды

© Sputnik / Антон Вергун / Медиабанкка өтүүБелгороддогу Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ракеталык чабуулунан жабыркаган соода борбору
Белгороддогу Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ракеталык чабуулунан жабыркаган соода борбору  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Жазылуу
Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда, Белгородду соңку аткылоодон жети киши көз жумуп, 18и жаракат алган.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жарандык объектилерге чабуул жасоону токтотуу керек экендигин БУУнун Башкы катчылыгынын өкүлү Стефан Дюжарик Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Белгородду аткылганы боюнча берген комментарийинде айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Россиянын Белгород шаары ракета менен аткыланганы боюнча билдирүүлөрдү көрдүк, эл аралык гуманитардык укуктарда карапайым калк менен объектилерге чабуул коюу такыр болбостугун жана ал токтотулушу керектигин кайрадан кайталайбыз", — деген Дюжарик брифингде.
Россиянын Коргоо министрлиги 15-февралда саат 12:30га чукул Абадагы кол салуудан коргонуучу түзүмдөр Белгород облусунун аймагынын үстүнөн Украина күчтөрү кое берген реактивдүү 14 снарядды жок кылганын билдирген. Маалыматта алар RM-70 Vampire системасынан атылганы айтылган. РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында чабуулдун айынан жети киши (анын ичинен бирөө бала) каза таап, 18и жарадар болгону айтылат.
РИА Новостинин кабарчысы Плеханов көчөсүндөгү соода борбору талкаланганын, анын ичинде азык-түлүк дүкөнү, дарыкана жайгашканын билдирди. Ал эми №42 мектептин терезелери күбүлүп, стадиондун инфраструктурасы иштен чыккан.
Белгородго кол салуунун кесепеттери   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Баарынан ажырайт". Киев Белгородго чабуул койсо эмнеге тушугары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0