Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Набиев: дыйкандарды суу ресурстарын туура пайдаланууга үйрөтүү керек

© Sputnik / Асылбек БактыбековСуу чарба кызматынын алдындагы долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн директору Нурлан Набиев
Суу чарба кызматынын алдындагы долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн директору Нурлан Набиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Жазылуу
Суу чарба кызматынын алдындагы долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн директору Нурлан Набиев дыйкандарды суу ресурстарын туура пайдаланууга үйрөтүп, аны сактоого аракет көрүү керектигин айтты.
Суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатууга басым жасоо керек. Бул тууралуу Нурлан Набиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Набиев: дыйкандарды суу ресурстарын туура пайдаланууга үйрөтүү керек
Анын айтымында, Суу чарба кызматы ирригациялык системаларды жана айыл чарба жерлерин башкаруу боюнча иштерди кызуу улантып жатат.
"Бүгүнкү күндө өлкөдө 1 миллион 50 гектарга жакын жер сугат жер болуп саналат. Бирок акыркы убактарда климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суунун тартыштыгы байкалып, аймактагы көйгөйлүү маселеге айлана баштады. Биз учурда суу ресурстарын туура башкарууга көңүл буруп, ирригациялык системаларды жакшыртуу иштерин кызуу жүргүзүп жатабыз. Бирок анын баары каражатка барып такалууда. Учурда Суу чарба кызматы "Суу ресурстарынын климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу" долбоорун ишке ашырууда. Долбоор Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Чүй облусундагы 20 миң гектарды камтып, 2022-2025-жылдар аралыгында аткарылат. Анын алкагында дыйкандарды суу ресурстарын туура пайдалануу, айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү, биологиялык препараттарды колдонуу, жер семирткичтерди колдонууга байланышкан бир топ окутуу иштери да болду", — деди Набиев.
Ошондой эле адис Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, ирригациялык маселелерди чечүүдө ыкчам чараларды көрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0