Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

ММК фонду: балдар көзүнүн көрүүсүн акысыз текшерте алышат

© Sputnik / Асель СыдыковаМилдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жыпара Азизбекова
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жыпара Азизбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Жазылуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жыпара Азизбекова фонд калктын 55 пайызын акысыз камсыздай турганын айтты.
Балдардын көрүүсүнүн начарлоосун алдын алуу үчүн жылына 1-2 ирет офтальмологдун текшерүүсүнөн өтүү сунушталат. Бул тууралуу Жыпара Азизбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
ММК фонду: балдар көзүнүн көрүүсүн акысыз текшерте алышат
Анын айтымында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду калктын 55 пайызын акысыз тейлейт.

"Көрүү курчтугу толук кандуу жашоону камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Балдарда көрүүнүн начарлашын көрсөткөн симптомдор аныкталса, дароо жашаган жери боюнча офтальмологго кайрылуу зарыл. Каттоодо турган жери боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун офтальмологу 18 жашка чейинки балдардын көрүүсүн курчтугун акысыз текшерет. Бул чара көрүү системасынын ооруларды эрте аныктоо жана алдын алуу максатында медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган. Көрүү курчтугунан жабыркаган балдар жарым жылда бир жолудан кем эмес текшерүүдөн өтүшү керек. Клиникалык байкоо ооруну өз убагында аныктоого жана дарылоого мүмкүндүк берет. 2023-жылдын 10-октябрынан тарта Калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик кепилдиктер программасынын жаңыланган редакциясы күчүнө кирди. Ага ылайык, амбулатордук деңгээлдеги уюмдарда жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдүн тизмеси дагы 42 медкызматка көбөйтүлдү. Ал эми эң керектүү делген дары каражаттарынын тизмесине 500 препарат кирди. Тизмедеги дарылар 50-90 пайыз жеӊилдетилген шартта сатылат", — деди Азизбекова.

Ал балдар дарыгерге бекер көрүнүшү үчүн өзү жашаган аймактагы бейтапканада каттоодо болушу керектигин, анткени ММК фонду катталган кишинин санына жараша ооруканага каражат бөлүп берерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0