Автоэксперт: катуу суукта дары, тамак-аш, гаджетти унаада калтырбаш керек

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүКар алдында калган автоунаалар. Архив
Кар алдында калган автоунаалар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2024
Жазылуу
Адис дары каражаттары нөлдөн жогорку температурада сакталышы керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кышкысын унаада калтырып кетүүгө болбой турган буюмдар тууралуу автоэксперт Максим Кадаков Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берди.
Адис айдоочулар көп учурда автоунаасын токтотуп үйгө кирип баратканда баалуу буюмдарын, керектүү документтерин алып кетерине токтолуп, айрым буюмдар суукта калып бузулуп кетиши мүмкүн экендигин билдирген.

"Унаа ээлери автомашинасын токтотуп коюп кетерде уурулардан абайлоону эле эске алат дагы, суукту эске албай калат. Мисалы, дары-дармек нөлдөн жогорку температурада сакталышы керек. Абанын температурасы нөлдөн төмөн болгон суукта дары каражаты бузулуп кетет. Ошондуктан дары каражаттары салынган кутуну үйгө ала кирүү сунушталат", – деген Кадаков.

Ошондой эле автоунаанын салонуна суусундук, тамак-аш калтырбоо керектигин эскертти. Бул азыктар да өзүнүн сапатын жоготорун белгиледи.
"Суукта калган калем кийин жазбай калышы мүмкүн, өзү жабыша турган желими бар кагаздар да кийин жабышпай калат. Мындан тышкары, катуу суукта унаанын ичинде смартфон, планшет, ноутбуктар калып калса аны жылуу үйгө алып кирип дароо токко сайбаш керек. Ал кайрадан бөлмөнүн температурасында жылышы кажет. Жакшысы — унаага калтырбоо зарыл", – деген автоэксперт.
Тейлөө борборунун кызматкери унааны текшерүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
Автоунааны жазга кантип даярдайбыз? Эксперттин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0