Комадан фитнес-машыктыруучулукка чейинки жол. Эрбол Жээнтаевдин видеосу

Жазылуу
Эксклюзив
Эрбол Жээнтаев — Бишкектеги спорттук залдардын биринде машыктыруучу. Мындан сегиз жыл мурун топ балдар менен мушташа кетип башка катуу сокку жеген каарманыбыз азыркы деңгээлине далай көз жаш, күчтүү эрк, сыноо, эмгек, жан сыздаткан оору, чыдамкайлык менен жеткен.
Уюган канды алуу үчүн дарыгерлер эки-үч сааттын ичинде эки ирет операция жасашкан. Бирок Эрбол экинчи операциядан кийин көзүн ачкан эмес, комага түшүп калган.
Өзүнүн айтымында, бул абал үч айга созулган.
"Тамагыма трахеостома коюлуп үч ай комада жаттым. Көзүмдү ачкандан кийин колу-бутум иштебей бир жылдай жаттым, 1,5 жыл дегенде гана акыл-эсим калыбына келе баштады. Ага чейин көп нерсени эстеп-эстебей, түшүнүп-түшүнбөй эле күндөр өткөн. Инилерим, апам, досторум жаңы төрөлгөн баладай багышты", — деп эскерди маектешим башынан кечирген ал күндөрдү.
Жээнтаев комада жатканда экинчи уулу төрөлгөн. Бирок толук акыл-эсине келгенге чейин жубайы менен да ажырашат. Ден соолугундагы бул чоң көйгөй, үй-бүлөсүнөн ажыроо ал үчүн көтөрө алгыс ачуу сыноо болуп сезилгенин жашырган жок.
"Бир тарабынан өлгүм келди. Эми ушинтип эч кимге керегим жок болуп каламбы деп ойлондум. Бирок жанымды кыйсам апама, иниме кыйын болорун билип күчтөндүм, төшөктөн турам дедим. Мен кайрадан бутка турам, басам, эми басканымды бир гана ага эмес, элге да көрсөтөм деген максат койдум. Амбициям да күчтүү болду", — деген Эрбол кайрадан ден соолугун калыбына келтирерине спорт жардам берет деп ишенгенин кошумчалады.
Тема боюнча:
Аялдан акча аябаган эркек бай болот экен. Эрке бала Аргендин видеомаеги
Ташы тийген адамды кечирдим. Самат Курманкуловдун 7-августтан кийинки алгачкы маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0