21 жылда мыйзамсыз сатылган жерлер. Ысык-Ата "Кадастрынын" директору кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКегети "Көл-Төр-1" жана Токмок "Көл-Төр-2" токойчулуктарындагы жерлер
Кегети Көл-Төр-1 жана Токмок Көл-Төр-2 токойчулуктарындагы жерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Ысык-Ата райондук "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директору М.М.А. кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, шектүү баасы 115,6 миллион сомдук 33,8 гектар жерди 39 адамга мыйзамсыз берип жибергени аныкталган. Кегети "Көл-Төр-1" жана Токмок "Көл-Төр-2" токойчулуктарындагы жерлер менчикке сатылып кеткен. Анда "Көл-Төр" багбанчылык шериктештигинин жана Чүй токой чарбасынын эмгек жамаатынын кеңешинин 1992, 1996, 1999, 2006-жылдардагы жасалма протоколдору пайдаланылган.
Шектүү мурда Чүй-Токмок "Кадастрды" жетектеген. Ал 15-февралда тергөө абагына киргизилди.
Атайын кызмат Чүй токой чарбасы жана Чүй-Токмок "Кадастр" мекемеси тарабынан 2001-2022-жылдары 4 сотыхтан 150 гектарга чейинки аянттагы 226 мамлекеттик акт мыйзамсыз берилгенин аныктап, тергөө жүргүзүп жатат.
УКМК Караколдогу Бугу жана Макиш базарларынын ээсин кармады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
УКМК Караколдогу "Бугу" жана "Макиш" базарларынын ээсин кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0