20-февралда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт. Тизме

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүСуу алуу. Архивдик сүрөт
Суу алуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2024
Жазылуу
"Бишкек суу канал" ишканасы уюмдарды, калкты таза сууну алдын ала камдап алууга чакырды.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 20-февралда Бишкектин эки жаңы конушунда ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Муниципалитет саат 9:00дөн 15:00гө чейин Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо конуштарында муздак суу жок болорун белгиледи.
"Бул күнү Мурас-Ордо, Калыс-Ордо суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштери жүргүзүлмөкчү", — деп айтылат кабарда.
"Бишкек суу канал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, уюмдарды, калкты таза сууну алдын ала камдап алууга чакырды.
Аукцион по реализации спецтехники МП Тазалык в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2024
Бишкек мэриясы "Тазалыктын" техникаларын аукционго койду. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0