70 жыл мурда Никита Хрущев Крымды Украинага берген. Тарыхый жарлык

© Sputnik / РИА НовостиКПСС БКнын 1-катчысы Никита Хрущев. Архив
КПСС БКнын 1-катчысы Никита Хрущев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Жазылуу
Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин кырдаал өзгөргөн. 2014-жылдын 16-мартында Крымда жарым арал статусу боюнча референдум өткөн.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Мындан 70 жыл мурда КПСС БКнын 1-катчысы Никита Хрущев Крым аймагын Украинага бергенин Sputnik Ближнее зарубежье жазып, тарыхый жарлыкты жарыялады.
СССРдин Жогорку Советинин президиумунун аталган документи 1954-жылдын 19-февралында чыккан.
"Крымдан Россияга чейин алыс. Украина жакыныраак. Ар кандай чарбалык иштерди жүргүзүү жеңил болот. Бул боюнча бир катарлар менен сүйлөштүм. Албетте, эгерде Крымды берсек украиналыктар абдан кубанышат, азыр алардын шилекейи агып турат. Россия Федерациясы менен сүйлөшүп, кепке келебиз деп ойлойм", — деген Хрущев айыл чарба боюнча Коммунисттик партиянын Кремль сарайында өтүп жаткан кезектеги кеңешмелеринин биринде.
Крым облусун РСФСРден чыгарып, УССРге берүү жарлыгы эки ай өткөн соң, тагыраагы, 1954-жылдын 26-апрелинде бекитилген.
1991-жылдын январында крымдыктардын 93 пайызы Крым АССРи Украина Республикасынын курамынан чыгуусу үчүн добуш берген. Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин кырдаал өзгөргөн. 2014-жылдын 16-мартында Крымда жарым арал статусу боюнча референдум өткөн. Ага элдин 83,1 пайызы келген да, жыйынтыгында калктын 96,77 пайызы Россия тарапта болууну жактаган. Эки күндөн кийин, тагыраагы, 18-мартта, Россиянын лидери Владимир Путин жана Крым менен Севастополь жетекчилери аталган эки аймактын РФтин курамына кириши боюнча келишимге кол коюшкан.
Крымдын Россияга кошулушуна 9 жыл болду. Тарыхый видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
Крымдын Россияга кошулушуна 9 жыл болду. Тарыхый видео
Жаңылыктар түрмөгү
0