Уролог: балдар түнкүсүн заара ушатып койсо энурез менен жабыркаган болот

© Фото / Unsplash / 🇸🇮 Janko FerličПамперс кийип жаткан баланын иллюстративдик сүрөтү
Памперс кийип жаткан баланын иллюстративдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Жазылуу
Үч жаштан өткөндөн кийин балада табарсыгын көзөмөлдөө сезими пайда болот.
БИШКЕК, 18-фев. – Sputnik. Балдар бир айда эки жолу түнкүсүн же бир жолу күндүз (шымына) заара ушатып койсо да энурез менен жабыркаган болуп эсептелет. Бул тууралуу №3 балдар ооруканасынын урология бөлүмүнүн дарыгери Бакыт Орозбаев Sputnik агенттигиндеги маегинде билдирди.
Анын айтымында, бала табарсыгы толгонун сезиши керек. Айрым активдүү балдар оюнга өтө берилип кеткендиктен заарасы чыгып кеткенче жүрө берет же ойноп жүргөндө эле сийип коёт.
“Буга үйдөгү атмосфера да таасир этет. Кээ бирлер бала бакчага бара баштаганда башка чөйрөгө түшүп калгандыктан ушундай көйгөйгө чалдыгат. Ата-энелердин урушунан же үйдөгүлөрдөн корунгандыктан кичине бала сийип койгон муздак төшөгүнө жата берип да бөйрөгүнө, табарсыгына суук тийгизет. Көбүнчөсү оору экенин түшүнбөй эле балдарды жазалап коюшат. Анын үстүнө азыр ата-энеси миграцияга кетип, көп балдар жакындарынын колунда ар кандай шартта жашап калышууда. Бул оору балдардын социалдык жашоосуна да байланыштуу. 5 жашка чейинки балдардын 20 пайызы, 10 жаштагылардын 15 пайызы, ал эми 18 жашка чейинки курактагылардын 3 пайызы ушул оору менен жабыркай турганы белгилүү”, - деди уролог.
Ал белгилегендей, беш жаштагы бөбөк күнүнө бир литр суу иче турган болсо, ошонун 80 пайызын күндүз ичиши керек. Үч жаштан өткөндөн кийин балада табарсыгын көзөмөлдөө сезими пайда болот. Ал эми энурез менен ооруган балдар аны сезбейт. Эгер баланын урологиялык, неврологиялык же башка оорунун себебинен заара ушатып коюусу байкалса, анда дарылоо керек. Анткени оору күчөй берет.
Адистин маегинин толук вариантын шилтемеден окуңуз.
Медициналык адис кош бойлуу аялга УЗИ кылып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Өзүн карабаган эне баласынын ден соолугуна балта чабат. Педиатрдын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0