ЕАӨБ Кыргызстанда инфляция максаттуу көрсөткүчкө чейин түшкөнүн жазды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом монетасы графиктин фонунда. Иллюстративдик сүрөт
Сом монетасы графиктин фонунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстанда инфляция максаттуу көрсөткүчкө чейин түштү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын серебинде айтылат.
Январда инфляция 5,9 пайызды (бир жылда) түзгөн. Эске салсак, КР Улуттук банкынын орто мөөнөттүү божомолу — 5-7 пайыз.
"Жылдык инфляциянын басаңдашына бир катар факторлор таасир этти: тышкы рыноктордун баа басымынын алсырашы, өндүрүүчүлөр койгон баанын турукташуусу жана эсептин статистикалык өзгөчөлүктөрү", — деп айтылат маалыматта.
ЕАӨБ статистикалык фактор февраль жана март айларында дагы иштей турганын болжолдоду.
Айнек чыгаруу заводунун жумушчулары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Былтыр ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө өнөр жай өндүрүшү өстү
Жаңылыктар түрмөгү
0