"Кырсыктадык" деп акча алат. ИИМ телефон шылуундарынан сак болууга чакырды

© Sputnik / Жоомарт УраимовТелефон менен сүйлошуп жаткан киши. Архив
Телефон менен сүйлошуп жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Жазылуу
Жабыр тарткандардын арасында шылуундар жиберген курьердик кызматтар аркылуу акча жөнөткөндөр дагы бар.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ички иштер министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн пайдаланып шылуундар телефон аркылуу көп кишини алдап жатканын эскертип, бул боюнча ИИМдин нөөмөт бөлүмдөрүнө жана 102 кызматтарына билдирүүлөр келип жатканын билдирди.
"Телефон аркылуу алдаган шылуундар жарандарга чалып өздөрүн күч органдары, саламаттык сактоо, куткаруу кызматтарында иштейбиз деп тааныштырып, жакыны кырсыктап калганын кабарлап, курьер аркылуу акча жөнөтүүнү талап кылышкан. Жабыр тарткандардын арасында шылуундар жиберген курьердик кызматтар аркылуу акча жөнөткөндөр дагы бар", — деп айтылат маалыматта.
Милиция мындай чалуулар болсо кабарды жакшылап текшерип, жакындары менен байланышып тактоону сунуштады.
"Чалган шылуундардын талаптарын дароо аткарууга шашпаңыз. Кокус шектүү экенин байкасаңыз, анда 102 кыска номерине жана милициянын нөөмөт бөлүмдөрүнө чалыңыз", — деп айтылат маалыматта.
КР президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Шылуундар Садыр Жапаровдун видеосун колдонуп элди алдап жатканы эскертилди
Жаңылыктар түрмөгү
0