Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши бильярд боюнча мелдеш учурунда. Архив
Киши бильярд боюнча мелдеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Жазылуу
Мелдешке дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышат.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкекте жаштар, чоңдор арасында бильярддын эркин жана динамикалык пирамида түрү боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, 22-25-февраль күндөрү жаштар арасында "Эркин пирамида" түрү боюнча мелдештер уюштурулат. Ал эми чоңдор арасында "Аралаш пирамида" түрү боюнча мелдештер 27-февраль күнү башталып, 2-мартка чейин уланат.
Жалпысынан иш-чарага дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышат. Оюн "Газпром-балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.
Бильярд спорту боюнча КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Каныбек Дүйшөбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
Радио
Дүйшөбаев: өлкөдө жаштар арасында бильярд спорту аксап турат
Жаңылыктар түрмөгү
0