Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Параспортчуларга мамлекет тарабынан эми көңүл бурула баштады

© Sputnik / Асылбек БактыбековПара жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, КРдин эл аралык класстагы спорт чебери Адилет Камчыбеков
Пара жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, КРдин эл аралык класстагы спорт чебери Адилет Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Жазылуу
Пара жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, КРдин эл аралык класстагы спорт чебери Адилет Камчыбеков Парижде өтө турган Паралимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн чоң аракет көрүлүп жатканын айтты.
Өткөн жылдарга салыштырмалуу Дене тарбия жана спорт департаментинин бюджети өсүп, параспортчуларга мамлекет тарабынан көңүл бурула баштады. Буга чейин параспортчулардын окуу-машыгуу жыйындарын уюштурууда, эл аралык мелдештерге катышууда көйгөйлөр жаралып келгенин Адилет Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Параспортчуларга мамлекет тарабынан эми көңүл бурула баштады
Анын айтымында, эл аралык ири мелдештерде көрсөткөн жыйынтыктарына жараша мамлекеттен стипендия алган параспортчулардын саны көбөйө баштады.
"Буга чейинки мезгилге салыштырмалуу параспортту билгендердин саны өстү. Бирок билбегендер да арбын. Параспортчулар катышкан марафондук жарыштар, түрдүү спорттук мелдештер өтүп, акырындан жайылып жатат. Албетте, элдин да кайраттуу адамдарга карата мамилеси өзгөрүүдө. Быйыл жайында Парижде Паралимпиада оюндары өтөт. Жакынкы 1-2 айда ири мелдешке лицензия берүүчү турнирлер башталат. Учурда ар бир дисциплина боюнча катуу даярдыктар өтүүдө. Негизи өткөн жылдарга салыштырмалуу Дене тарбия жана спорт департаментине бөлүнгөн каражат өсүп, параспортчуларга мамлекет тарабынан көңүл бурула баштады. Буга чейин параспортчулардын окуу-машыгуу жыйындарын уюштурууда, эл аралык мелдештерге катышууда көйгөйлөр жаралып келген", — деди Камчыбеков.
Ошондой эле адис мамлекет тарабынан параспорт үчүн быйылкыга 47 миллион сом каралганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0