Садыр Жапаров Владимир Путиндин чакыруусу менен Россияга барат

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир путин менен КР Президенти Садыр Жапаров. Архив
РФ президенти Владимир путин менен КР Президенти Садыр Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Жазылуу
Жапаров Казань шаарында өтө турган "Келечек оюндары" эл аралык мультиспорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышып, Россиянын президенти, Татарстандын башчысы менен жолугушуу өткөрмөкчү.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путиндин чакыруусу менен 20-21-февралда Россияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, Жапаров Казань шаарында өтө турган "Келечек оюндары" эл аралык мультиспорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат.

"Иш-чарада 21 өзгөчө инновациялык дисциплина боюнча ар кыл өлкөлөрдөн келген 260тан ашык команданын, 2000ге жакын спортчунун жана компьютердик (кибер) спортчулардын катышуусунда фиджитал-спорт, компьютердик (e-sports) мелдештер топтому өткөрүлөт. Ага президенттердин, эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компанияларынын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө", — деген Азымбакиев.

Мындан тышкары, Жапаров, Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Миннихановдун эки тараптуу жолугушуулары өтөрү кошумчаланды. Алар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашмакчы.
Ленинградды коргоо жана блокадалоо мамлекеттик мемориалдык музейи. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2024
Кыргызстан, Беларусь жана Россия Ленинград блокадасы боюнча видеокөпүрө өткөрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0