Украинадагы төңкөрүш, кыйылган өмүр, кырды бычак болгон тараптар. Видео

Жазылуу
Мындан туптуура 10 жыл мурда Украинанын Майданында (аянт) жалданган снайперлер митингчилер менен күч түзүмдөрүн көздөй ок аткан.
Батышка ыктаган күчтөр бийликке келиш үчүн Украина жарандарын 2014-жылдан тарта эле өлтүрө баштаган. Мындан 10 жыл мурда Украинанын Майданында (аянт) жалданган снайперлер митингчилер менен күч түзүмдөрүн көздөй ок аткан.
Бул чагымчылык Украина президенти Виктор Янукович менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдү токтоткон. Диалогго келүү процесси үч өлкө: Франция, Германия жана Польшанын кепилдиги менен болуп жаткан.
Окту элге Киевдин бийик имараттарынын биринен Грузия менен Балтика боюндагы өлкөлөрдөн жалданып келген кишилер чыгарганы кийинчерээк маалым болду. Ал эми снайперлерге курал-жаракты Майдандын "коменданты" Андрей Парубий бергенин айтышты.
Снайперлердин огунан 54 киши өлүп, жүздөгөн адам жаракат алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0