Малдан айырмасы жок! Икрамов айрым айдоочуларга чара көрүүнү сунуштады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Тазабек Икрамов. Архив
Депутат Тазабек Икрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында Бишкектеги тартипсиз айдоочуларды жазалоого чакырды.
"Катуу тийсе кечирим сурайм, бирок айрым айдоочулардын малдан айырмасы жок болуп калды. Ордо калаанын чок ортосунда автоунаа айдап баратып жолго түкүрүп, терезесин ачып чылым чегип, керек болсо таштанды ыргытып жатышат", — деди депутат.
Эл өкүлү мындай айдоочуларга чара көрүш керектигин айтып, аларды сүрөт, видеого тарткандарга сый акы берүүнү сунуштады. Икрамов түндө унаасын катуу айдап шаардыктардын уйкусун бузгандарды да тыюуга чакырган.
Чүй облусунда унаалар бара жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Жол эрежесин бузгандарды видеого тартып алгандарга акы төлөө сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0