Кыргызстандык окуучулар Румыниядагы олимпиададан 6 медаль алышты

© Фото / пресс-служба МОиН КРКыргызстандык окуучулар Румыниядагы олимпиададан 6 медаль алышты
Кыргызстандык окуучулар Румыниядагы олимпиададан 6 медаль алышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
Жазылуу
Акыл таймашына 13 мамлекеттен 135 окуучу катышкан.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар Румынияда өткөн VIII эл аралык Info (1) Cup олимпиадасында алты медаль алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Мелдеш 10-12-февралда өткөн. Кыргызстандык окуучулар үч күмүш жана үч коло медаль жеңген. Алар:
Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
Ян Бобрус, Бишкектеги "Газпром Кыргызстан" мектебинин 8-классынын окуучусу — күмүш медаль;
Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.
Абдуллахан Абдирасулов, Ош "Сема" лицейинин 8-классынын окуучуcу – коло медаль;
Байыш Миңбаев, Ош "Сема" лицейинин 9-классынын окуучуcу – коло медаль.
Мелдешке Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Бельгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казакстан, Молдова, Румыния, Сирия жана Украинадан 135 окуучу катышкан.
Кыргызстандык таланттуу окуучулар Сочидеги Сириус илимий борборуна барышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Кыргызстандык таланттуу окуучулар Сочидеги "Сириус" илимий борборуна барышты
Жаңылыктар түрмөгү
0