Ал жакта союздаштарыбыз көп. Путин салттуу баалуулуктар тууралуу

© Sputnik / Кристина Кормилицына / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин
РФ президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Россиянын салттуу баалуулуктары улам көбөйгөндөн көбөйүп жатат. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин жыл сайын өтчү “Жаңы доорго күчтүү идеялар” форумунун пленардык жыйынында билдирди.
Ал кастарын тиккен тараптардын Россияны обочолонтуу боюнча койгон тапшырмасы ойрон болгонун белгиледи.

“Биздин тарапташтарыбыз дүйнөнүн чар тарабында уламдан-улам көбөйүп жатат. Өзгөчөсү, баары биздин салттуу баалуулуктар деп атаган тармактарда отурат. Көрсө ал биздин эле салттуу баалуулук эмес, бардык акыл-эстүү адамдардын да баалуулугу экен”, — деди Путин.

Россиянын лидери кастарын тиккен өлкөлөрдө дагы бул салттуу баалуулуктар үчүн “коопсуздук жаздыгы” жетишерлик деңгээлде чоң жана ишенимдүү экенин белгиледи.
“Ал жакта дагы биздин союздаштарыбыз көп”, — деп жыйынтыктады Путин.
РФ президенти Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсон менен болгон маек учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Путин: Украинадагы мамлекеттик төңкөрүш АКШнын оңбогондой катасы болгон
Жаңылыктар түрмөгү
0