Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Коштогондордун тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров учактан түшүп жаткан учурда. Архив
Мамлекет башчы Садыр Жапаров учактан түшүп жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
Жазылуу
Өлкө башчы Казань шаарында өтө турган "Келечек оюндары" эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда, иш сапары менен Россияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, өлкө башчы Казань шаарында өтө турган "Келечек оюндары" эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушуусу өтөрү күтүлүүдө. Белгилей кетсек, президент Россияга Владимир Путиндин чакыруусу менен кеткен.
Расмий делегациянын курамындагылар:
Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
Муратбек Азымбакиев — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Алтынбек Максүтов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.
Казанда өтө турган Келечек оюндары турнири - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2024
Казандагы "Келечек оюндарына" кыргызстандыктар 3 дисциплина боюнча чыгат
Жаңылыктар түрмөгү
0