Сириядан 99 кыргызстандык алып келинди

© Фото / пресс-служба МИД КРСириядан Кыргызстанга кайтып алып келгендер. Архив
Сириядан Кыргызстанга кайтып алып келгендер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
Жазылуу
Репатрианттар "Айкөл 5" гуманитардык миссиясынын алкагында мекенине жеткирилди.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстанга Сириядан 28 аял, 71 бала алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Алар Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жайгаштырылган репатрианттарды кайтарып келүү боюнча кезектеги "Айкөл 5" гуманитардык миссиясынын алкагында мекенине жеткирилди.
"20-февралда Жакынкы Чыгыштан Кыргызстандын 99 жараны алып келинди. Алардын 28и аялдар, 71и балдар", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, өткөн жылы ушул сыяктуу төрт миссия аткарылган. Анын үчөөндө 274 аял жана балдар мекенине кайтарылган. Үчүнчү миссиядагы репатрианттардын саны айтылган эмес.
2021-жылдын март айында Кыргызстанга Ирактан 79 бала кайтарылган.
Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Небензя: АКШ Ирак, Сирияга чабуул коюп, Байдендин аброюн көтөрүү аракетинде
Жаңылыктар түрмөгү
0