Каткан мал-мүлкүн ачыктагандарга мамлекет кандай кепилдиктерди берет. Тизме

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарынын көрүнүшү. Архив
Бишкек шаарынын көрүнүшү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Жазылуу
Мунапысты колдонгон адамдар байлыгын каяктан, кантип топтогону жөнүндө маалымат берүү милдетинен бошотулат.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги мунапыс мыйзамынын негизинде мүлкүн легалдаштырган жарандарга кандай кепилдиктер берилери туурасында маалымат берди.
Эгер кимде-ким байлыгын ачыктаса мамлекет төмөнкүлөрдү убадалайт:
декларациялоо учурунда активдерди сатып алуу, пайданалуу же тескөө маселелери боюнча текшерүүлөргө тыюу салынат;
ачыктаган мүлкүн каттоого алуу учурунда эски салыктык карыздарын төлөө талап кылынбайт;
декларацияда камтылган маалыматтар кандай болбосун кылмыш ишин козгоого, салыктык, бажылык жана башка төлөмдөрдү эсептөөгө жол берилбейт;
декларант катышкан кылмыш-жаза ишинин, укук бузуулар жөнүндө иштин алкагында далил катары пайдаланылбайт;
байлыгын каяктан, кантип топтогону жөнүндө маалымат берүү милдетинен бошотулат;
атайын декларацияда камтылган маалыматтар декларанттын жашыруун сыры деп таанылат жана ачыкка чыгарылбайт.
Белгилей кетсек, декларацияланып жаткан активдери кылмыш-жаза же жарандык сот өндүрүшүндө турган болсо кепилдиктер берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун мүлкү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Садыр Жапаров болгон мүлкүнүн наркын ачыктап, байларды акчасын катпоого чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0