Ошто кайгуул милициясынан 150 миң сом талап кылган киши кармалды

© Фото / пресс-служба МВД КРОшто патрулдук милиционерди опузалаган адам кармалды
Ошто патрулдук милиционерди опузалаган адам кармалды  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Ошто кайгуул милиция кызматкеринен 150 миң сом талап кылган киши кармалганын ИИМ билдирди.
Маалым болгондой, 18-февралда Курманжан датка көчөсү менен Моминов көчөсүнүн кесилишинде кайгуул милициясы жол эрежесин бузган 32 жаштагы жөө адамга протокол түзгөн. Т.М. аттуу жол эрежесин бузган киши милиция кызматкерин видеого тартып, ага карата Ош ИИБдин кайгуул милициясына арыз жазган.
"Видеону интернетке чыгарбоо үчүн Т.М. кызматкерден 150 миң сом талап кылып, социалдык тармактарга таратам деп коркуткан. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап акча алуу" беренеси боюнча иш козголуп, Т.М. милиционерден 40 миң сом алып жаткан жеринен кармалды", — деди ИИМ.
Кол кишен тагынган шектүү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Бишкекте прокурордун жардамчысы пара алууга шектелип кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0