Жапаров Татарстандын башчысы менен жолугуп, "Дуслык" ордени менен сыйланды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевС.Жапаров Татарстандын башчысы менен жолугуп, "Дуслык" ордени менен сыйланды
С.Жапаров Татарстандын башчысы менен жолугуп, Дуслык ордени менен сыйланды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Жазылуу
Мамлекет башчы ыраазычылык билдирип, "бул жогорку сыйлык Кыргызстан, Татарстан жана Россиянын ортосундагы бузулбас достуктун дагы бир символу болуп калсын" деген ниетин билдирген.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казань шаарында "Келечектин оюндары" эл аралык мультиспорттук мелдештин алкагында Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолукканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервый международный мультиспортивный турнир "Игры будущего" в Казани
Первый международный мультиспортивный турнир Игры будущего в Казани - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Алгач Жапаров Казань Кремлиндеги ардактуу меймандар китебине жазуу калтырып, андан соң тараптар Кыргызстан жана Татарстандын ортосундагы эки жактуу кызматташтыкты тереңдетүүгө, кеңейтүүгө тийиштүү маселелерди талкуулашкан.
"Жолугушууда соода-экономикалык алакалар, илимий-техникалык кызматташуу жана маданий-гуманитардык байланыштарга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле Кыргызстан менен Татарстан элдеринин ортосундагы байланышты чыңдоо үчүн 2024-2025-жылдары Маданият күндөрүн өткөрүүнү сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.
Андан соң Минниханов Садыр Жапаровго Татарстандын эл аралык аброюн бекемдөө, Россия жана башка субъектилердин ортосундагы достук жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө эмгеги, инвестициялык, кайрымдуулук жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн "Дуслык" орденин ыйгарган.
Кыргызстан президенти ыраазылык билдирип, "бул жогорку сыйлык Кыргызстан, Татарстан жана Россиянын ортосундагы бузулбас достуктун дагы бир символу болуп калсын" деген ниетин билдирген.
"Дуслык" ордени – Татарстандын экинчи маанилүү мамлекеттик сыйлыгы.
Путин Жапаров менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
“Орус тилин өнүктүрүүгө көңүл бурганыңызга рахмат”. Путин Жапаров менен жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0