Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Каршылаштар качууга аргасыз болду. Шойгу Авдеевканы кантип алганын айтып берди

© POOL / Медиабанкка өтүүРФтин коргоо министри Сергей Шойгу
РФтин коргоо министри Сергей Шойгу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Каршылаштар Авдеевкадан качып чыгууга аргасыз болду. Бул турасында РФтин коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге билдирди.
“Биз каршылаштарды ал жактан качып чыгуудан башка айласы калбагандай абалга кептедик”, — деп айткан Шойгунун сөзүн РИА Новости жазды.
Ал Башкы штаб Авдеевканы алуу операциясы өтө аз сандагы жоготуулар менен жүргүзүлгөнүн белгиледи. Шаарды бошоткондон кийинки чабуул коюу аракеттери батыш тарапта уланат, 72 чарчы чакырым аянт бошотулду.
Ошондой эле Шойгу шаарды бошотуу операциясы Коргоо министрлигинин китептерине жазыларын кошумчалады.
Өз кезегинде Путин Авдеевканы бошотуудагы ийгилиги менен министрди куттуктап, мындай аракеттерди өнүктүрүү керектигин билдирди.
Украина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский аскеринин Авдеевкадан чыккан себебин түшүндүрдү. РФ ТИМи да үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0