Эмгек министринин орун басары кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЭмгек министринин орун басары кармалды
Эмгек министринин орун басары кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 22-фев.— Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин Ч.У.Б. аттуу орун басары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Билдирмеге караганда, министрликтин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акчаны мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталган.
"Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында министрдин орун басары 21-февралда колго түшүрүлдү", — деп жазылат билдирмеде.
Учурда аталган министрликтин башка кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгы аныкталып жатканы, жыйынтыгы боюнча күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартылары кошумчаланды.
УКМК ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбековду кармады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
УКМК ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбековду кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0