Кыргызстанда тигилген курткаларды кайсы өлкөлөр сатып алат? Статистика

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСоода борборунда аялдардын кийимдерин сатуу. Архив
Соода борборунда аялдардын кийимдерин сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Жазылуу
Аялдардын сырт кийимдеринин экспортунун 96 пайызы ЕАЭБге мүчө болгон Россияга туура келет.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. 2023-жылы Кыргызстанда аялдар үчүн тигилген курткаларды Россияга экспорттоо беш эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Анда жалпы экспорттун көлөмү 3 миллион доллардан ашканы жазылган.
Кыргызстанда тигилген аялдардын сырт кийимдерине кардар өлкөлөрдүн арасынан ЕАЭБге мүчө болгон Россия биринчи орунда турат. Ага бардык экспорттун 96 пайызы туура келет.
Экинчи орунда экспорттун үч пайызын алган Кытай турат. Товарлар ошондой эле Чехия, Өзбекстан, Эстония жана Италияга да сатылат.
Тигүү цехтин жумушчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Кеминде кийим тиккен ишкана РКӨФтүн колдоосу менен товарын ЕАЭБге чыгарууда
Жаңылыктар түрмөгү
0