Россиядан кол үзгөндөн кийин Украинанын авиаөндүрүшү токтоду. Инфографика

© Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүАн-124 "Руслан" учагы. Архив
Ан-124 Руслан учагы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Жазылуу
Бул ири техникаларды сатууда РФ өнөктөш болуп, өзү да алып турган. Бирок Украина кайрадан өзүнө-өзү көйгөй жаратып алды.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Украина соңку сегиз жылда бир да учакты сериялап чыгара алган жок. Кезегинде дүркүрөп өнүккөн авиаөндүрүш азыр эмнеге мындай абалга кептелди?
Украиналыктарга Советтер Союзунан транспорттук жана жүргүнчү ташыган учактарды чыгаруучу тармактуу ири ишкана мураска калган. Алар легендага айланган Ан-124 "Руслан" жана Ан-225 "Мрия" аба кемелерин чыгарып келген.
Бул ири техникаларды сатууда Россия өнөктөш болуп, өзү да алып турган. "Антоновдун" учактарын россиялык мамлекеттик түзүмдөр, авиакомпаниялар пайдаланган. Бирок Украина кайрадан өзүнө-өзү көйгөй жаратып алды.
Мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Киев россиялык компаниялар менен болгон-бүткөн кооперацияларын үзүүнү чечет. Россиядан тиешелүү тетиктердин келбей калышы жана буюртмалардын токтошу украиналык авиаөндүрүштүн Ан-140, Ан-148, Ан-158 учактарын жана башка продукцияларды жасашына өзүнүн таасирин тийгизди.
Буга ким күнөөлүү? Киев Москваны айыптайт. 2016-жылы "Антонов" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Коцюба Россия менен болгон кооперация "Украинага Канада менен кызматташууга жол бербегенин" айткан.
"Антоновдун" экс-авиаконструктору Анатолий Вовнянко азил иретинде айткандай, эми Украинанын авиаөнөр жайынын "келечектүү долбоорлору" конкреттүү жасалган иштер эмес, кагаз жүзүндөгү "меморандумдар, мындан аркы сүйлөшүүлөр жана ниеттер жөнүндө макулдашуулар" болуп калды.
Электр жарыгын жарым-жартылай өчүрүү учурундагы Киевдин көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
Украинанын улам төмөндөгөн ИДПсы, Евромайдандын кесепети. Инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0